Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда депрессияга чалдыккан адамдардын саны көбөйүүдө
Кыргызстанда депрессияга чалдыккан адамдардын саны көбөйүүдө
16-декабрь, 22:01


“Кыргызстанда депрессия, паникалык чабуулдар жана уйкусуздук менен жабыркаган адамдардын саны көбөйүп жатат” деп билдирди психиатр Юлия Улитина.
Беш жыл ичинде 53 миң адам стационардык дарыланудан өтсө, 32 миңи кеңеш алуу үчүн кайрылган. Өзгөчө жаз жана күз мезгилдеринде бөлүмдөрдө орун тартыш. Пандемиядан кийин бейтаптардын саны андан да арткан.
Көптөр коомдун айыптоосунан коркуп, психиатрларга кайрылбайт. Бул оорунун оор формаларына алып келет. Дарылоо орто эсеп менен бир айга созулуп, андан кийин жарым жыл амбулатордук терапия жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, калктын 11 пайызы ар кандай психикалык ооруларга чалдыккан. Учурда психикалык саламаттык боюнча улуттук стратегия иштелип чыгууда.











