Улукбек Маматаев: “Бүгүнкү оппозиция эч качан бийликти “кетсин” дебейт”


-- Улукбек мырза, “Бириккен демократиялык кыймылдын” (БДК) алтын маселеси боюнча талкуусун укпай атабыз...
-- Биздин кыймыл ошол эле коомчулукта талкуу кылып аткан алтын маселесин, президенттин “оппозиция керек болсо өздөрү келип жетектесин, көрсүн” деп айтканын өтө олуттуу кабыл алдык. Албетте, биз даярбыз. Эгер чындап эле президент ушундай кадамдарга барып атса, демек, бул анын элге карата кадам шилтегени болот, жүзү жарык катары кабылдап атабыз. Анткен менен ар түрдүү ойлор бар. Чындап келсе, бийликке бүгүнкүдөй ынтымактуу, позициялары бекем, таза чогулган оппозиция болгон эмес, муну мен ишенимдүү эле айта алам.
-- Биз ар качандан бир качан “бийликке сын айткан конструктивдүү оппозиция жок” деп келгенбиз, бу жагычы?
-- Туура айтасыз. Бу жагынан да биздин “Бириккен демократиялык кыймыл” жөн эле курулай сын айтпастан, конструктивдүү, болгон далил менен, жекеликке асылбай айтып атабыз. Биздин оппозициялык ишибизде баары жакшы. Кудай буюрса, жакындан бери конституциялык реформаны баштадык. Коомчулукка жаңы долбоорун сунуштайбыз, талкууга коёбуз. Негизи эле биздин кыймылдын ичинде толтура иштер жүрүп жатат.
-- Азыркы бийликти “кетсин!” дегениңерди уга элекпиз го?
-- Бүгүнкү оппозиция эч качан элди жөн эле алып чыгып алып, бийликти “кетсин” дебейт. Жеке биз антип айтпайбыз. Кагаз түрүндө, кат түрүндө гана кайрылып атабыз. Ошону да азыркы бийлик эске алып коюусу кажет.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











