Исмаил Исаков, генерал:“Акылбек Жапаров баарыбыздын башыбызды айландырып бүттү”

-- Исмаил Исакович, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жакында экономикалык өсүштөрдү укмуштуудай жогорулатканын айтты. Сиз кандай ойдосуз?
-- Анын айткандарына жалпы салык төлөөчү жарандарыбыздай эле салык төлөөчү катары карайм. Ал мактанып өзүн-өзү даңазалаганды жана баарыбыздын кулактарыбызга өзүнүн “ийгиликтери” менен “жетишкендиктери” боюнча көбөйтүлгөн цифраларды илгенди жакшы көргөн жетекчи. Өткөн жылдары бюджеттик кодексте бекитилбеген, көрсөтүлбөгөн, “консолидированный бюджет” деп барыбыздын башыбызды айлантып, ага бюджеттик тутумду камтыган республикалык кирешени, социалдык фонддун бюджетин, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддун акчасын, жергиликтүү бюджеттерди жана кодексте каралбаган Улуттук банктын кирешелерин жана башканын баарын кошту. Кыскасы, “мынча миллиардга бюджетти жеткирдим” деп “илбирс секирик” менен асманга ыргып чыккан сандарды айтканы элдин эсинен али кете элек.
Өзү мыйзам боюнча республикалык бюджетти канчага толтурганын, анын кандай сарпталышын эле айтыш керек болчу. Башкаларын тармактардын жетекчилери өздөрү чогултуп, мыйзам чегинде сарптап, отчетторун беришет. Ал алардын милдети. Эгерде Акылбек мырза өзү айткан “консолидированный бюджеттин” цифрасына республикалык бюджеттин цифрасын жеткирсе, албетте, анда ал кол чабууларга жана алкышка татыктуу болмок. Ансыз анын айткандары “кулакка илинген кесмедей” эле болуп, эл арасында ага болгон ишенбестикти күчөтүп жатат. Ал эми азыркысында министрлер кабинетинин төрагасы катары жетишкендектерине эле басым жасабай, “секирикке” жана алдыга жылууга жол бербеген кемчиликтерди жана тоскоолдуктарды кошо айтып, аларды жоюу жолдорун түшүндүрүп, өзү бийликке келгенден берки күнүмдүк колдоонуучу товарларга, дары-дармектерге 100%дан 400%га көтөрүлгөн бааларын, андан башка электр энергия, ысык-муздак суу, таштанды, жол кире жогорулаганын да эсинен чыгарбаса болот эле. Кыскасы, баардык тараптан көтөрүлгөн баалар элдин турмуш шартын канчалык деңгээлде төмөндөткөнүн же жогорулатканын, ошондой эле элдин жашоосун жакшыртуу максатта көтөрүлгөн бааларды түшүрүүгө кудрети жетпесе дагы, баалардын көтөрүлүшүнөн пенсия, пособие жана иштегендердин айлык акылары төмөн түшүп кетпеш үчүн аларга индексация кылуу жолдорун жана мөөнөттөрүн айтып, андан кийин пенсия, пособиелерди жана айлык акыларды көтөрүүнү айтса, министрлер кабинетинин төрагасынын деңгээлине жарашмак...
-- Реалдуулукка токтоло кетсеңиз?
-- Мисалы, күйүүчүмайдын, тамак-аш менен дары-дармектердин, жуучу каражаттардын жана китеп-дептер, калем саптардын бааларын айтпай эле, бир эле жол кире төлөмүн карасак, Акылбек мырза кызматка келгендемаршуруткага 10 сом болсо, автобуска 8 сом болчу. Азыр автобуска 17-20 сом, ал эми маршруткага 20 сом. Мындай көрүнүш өзгөчө студенттерге жана алардын ата-энелеринин бюджеттерине башкаларга көтөрүлгөн баалардай эле катуу сокку уруп, пенсияга кошкон каражаттары жана айлык акылардын жогорулашы мурунку сатып алуучу деңгээлден жогоруламак турсун, кээ бир көрсөткүчтөрү боюнча кайра төмөндөдү...
-- Сиздин оюңузча, карапайым элдин жашоосу качан оңолот же элибиз ушинтип кыйналып эле жүрө береби?
-- Элдин турмушун оңдоо үчүн миллиард, триллион деген цифраларды “кулактарга илбей”, жалпы элдин кызыкчылыгын көздөгөн, жашоо-турмушту жакшыртууга багытталган иштерди комплекстүү түрдө (анын ичинде экономиканы өнүктүрүү багытта) алып баруу менен бирге, жогоруда айтканымдай, баалар көтөрүлгөн сайынпенсия, пособие жана айлык акыларга индексация кылып туруш керек. Ал үчүн өзүбүздүн заманбап ишканаларды ачуу менен элибизге жумуш ордун камсыз кылуу, эл аралык атаандаштыкка туруштук бере турган атамекендик товарларларды чыгарып, аларды сырткасатуу менен валюталарды табуу жана башка. Андан сырткары, Акылбек мырза министрлер кабинентинин төрагасы катары мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатта, экономикалык абалды так иликтеп, өндүрүштү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бербеген кемчиликтерди жана тоскоолдуктарды аныктап, аларды жоюу жолдорун анын ичинде тоскоолдукка жол берген мыйзамдарга, өзүнүн буйруктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана биз мүчө болгон эл аралык уюмдардын эрежелериндеги тосмолорду оңдоо боюнча мөөнөттөрү так жазылган, каражаттары белгиленген, жоопкерчиликтери аныкталган программасын жазып чыгып, аны элге жарыялап, анан ошол багытта иш алып барып, аягында натыйжалуу аткарылышын же аткарылбай калган себептерин айтып, иштеш керек болчу...
-- Кечиресиз, жообуңузду бөлүп койгонго, өндүрүшчүлөрдүн өнүгүшүнө тоскоол болгон кемчиликтер боюнча фактыңыз барбы?
-- Албетте, бар. Өлкөдөгү мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнүн өкүм сүрүшү, соттордун көз каранды эместиги менен алардын адилеттүүлүгү жана өлкөдөгү коррупциянын деңгээли экономиканын (өндүрүштөрдүн) өнүгүшүнө зор таасирин тийгизет. “Жарама туз сеппе” дегендей, ал тарапкатийбей эле экономиканынбиртармагындагыкемчиликтергетоктолокетейин. Мисалы, текстиль тармагы.Бизде текстиль тармагы экономиканын негизги тармактарынын катарына кирет. Анткени, бул тармак жумушчулар эң көп иштеген багыт болуп саналат дагы, бир нече тармактарга бөлүнүп кетет. Пахта өндүрүү (жер иштетүү), жип өндүрүү, материал (кездеме) өндүрүү жана тигүү. Көпчүлүк учурларда элибиз текстильдегенде тигүү тармагын түшүнүшөт. Тигүү тармагы жалпы тармактын эң жеңили, пайданы көп алуучу тармак, ошону менен бирге инвестицияны башкаларга салыштырмалуу азыраак талап кылат. Бүгүнкү күндө биздин тигүүчүлөр башка өлкөлөрдүн сырьесунантолук көз каранды. Материалдар менен жиптердин 90-95%ы коңшу өлкөлөрдөн сатылып келет. Демек, келечеги кооптуу. Эгер Өзбекстан пандемияга чейинки өлкөдөн жип, материал сыяктуу чийки буюмдарды сыртка сатпоо саясатын кандайдыр бир убакытта ишке ашырса, биз сыймыктанып, мактанган тигүү тармагындагы ишканаларыбыздын көбү заматта токтоп, бюджетке салык түшпөй, тигүү тармакта иштегендер ишсиз калышат.
Ансыз деле азыркы учурда Өзбекстан күндөн-күнгө бир эле биздин базарды эмес, биз ээлеген Россиядагы, Казакстандагы базарларды акырындап басып келүүдө. Анткени, алар ушул тармакты комплекстүү карап, жер иштетүү (пахта өстүрүү), жип чыгаруу, кездеме өндүрүү жана тигүү класстердик ишканаларды мамлекеттин жардамы менен курушуп, ишканаларда иштеген жумушчулардын санын көбөйтүшүп, товарларын сыртка сатышып, бюджеттерин валюта менен толтурууда. Ал эми биздеги өндүрүлгөн пахталарыбыз кайра иштетилбестен, чийки бойдон 1-1,5 долларга сыртка сатылат дагы, сырттан кайрадан кийим болуп, 15-20 доллардан сатып алынып келет. Эгерде биз пахталарыбызды өзүбүз кайра иштетип, даяр буюм тиккенибизде, жогорудагы 1-1,5 доллар жок дегенде 15 долларга айланмак дагы, буга кошумча жип өндүрүү тармагы, кездеме чыгаруу тармагы өнүгүп, канчалаган жумуш оорду пайда болуп, атаандаштыкка жол ачмакпыз. Эң негизгиси, ушул тармактагы мамлекеттин экономикалык коопсуздугу камсыз кылынмак. Ошондуктан, биздин өкмөт ушул тармакты колдоого алып, мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылышкерек... Бул чоң кемчилик.
Дагы бир кемчилик: биздин мыйзамдар өндүрүшкө эмес, алып келип сатууга ылайык кабыл алынып калган. Мисалы, бажыдагы контролдук баа 1 кг даяр материалга 2,1 болсо, сырьего 2,8. Демек, даяр материал алып келип тиккен тигүүчүлөргө ыңгайлуу, бул жакшы көрүнүш, бирок өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүүгө тоскоол. Ошондуктан, тигүүчүлөргө зыян келтирбей, өндүрүштү колдоо жолдорун министрлер кабинети чечиши керек.
Үчүнчү кемчилик: текстиль тармагына жеңилдетилген каражаттардын жоктугу. Банктар 19% менен кредит берет. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, 19% кредит алып, өндүрүштү иштетип, аны өнүктүрүүнү... Өзү кредиттер 5%дан өйдө болбош керек. Мындай көрүнүш – бул тармактагы өндүрүштү атайылап жок кылып, башка өлкөлөрдүн өндүрүшүн колдоого алган, өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна сокку урган көрүнүш. Акылбек мырза ушундай кемчиликтерди оңдоо жолдоруна басым жасаса, сөзү менен иши төп келмек.
"Азия Ньюс" гезити