Акыркы кабарлар
» Саясат » Генерал Сүйүнбек Өмүрзаков “Ишеним” партиясынан эң көп добуш алганы калдыбы?
Генерал Сүйүнбек Өмүрзаков “Ишеним” партиясынан эң көп добуш алганы калдыбы?
18-ноябрь, 19:20

Ушундай. “Ишеним” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сүйүнбек Өмүрзаковдун таскагы катуулап баратат. Эл менен жолугушуулары ырааттуу өтүп, дасыккан саясатчынын образын түзүп койду. Билими, тажрыйбасы жогору экенине ынанып атабыз. Кадыр-баркы да кыйла жакшы экен. Биздин баамыбызда, Сүйүн мырзага Ош, Кара-Кулжадагы электоратынан сырткары, Кыргызстан боюнча сыйлаган милиция кызматкерлери, кытай уруусунун көпчүлүк катмары добуш салышары айтылууда. Көшөгө артынан генерал Өмүрбек Суваналиевдей агалары, инилери сүрөп жатышыптыр. Дагы убакыт бар. Пиар кампаниясын жакшылап жүргүзсө, Сүйүнбек Өмүрзаков “Ишеним” партиясындагы эң көп добуш алган фигура катары таанылышы ажеп эмес.
"Азия Ньюс" гезити