Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөн Камчыбеков: “Көмүр өндүрүүчүлөр өз иштерин алгылыктуу жүргүзүп келатышат”

Дүйшөн Камчыбеков: “Көмүр өндүрүүчүлөр өз иштерин алгылыктуу жүргүзүп келатышат”

06-февраль, 09:00
403 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы менен маек.

-- Бул кышта көмүр маселеси кандай чечилүүдө? “Жазга карай тартыш болот” деген божомолдор айтылууда. Буга кандай пикирдесиз?

-- Көмүр маселеси боюнча акыркы 2-3 жыл аралыгында министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган токтомдун негизинде биздеги Бишкек ЖЭБ ишканасы, көмүр өндүрүүчү ишканалар өз иштерин алгылыктуу жүргүзүп келатышат. 2023-24-жылдары кышка карата кабыл алынган токтомдун негизинде “Кыргызкөмүр” ишканасы “жалпы 4 миллион 84 миң тонна көмүр казып алдык” деген болжолдуу маалыматтарын берип жатышат. Анын ичинен түндүк региону боюнча 1 миллион  700 миң тоннадан ашык көмүр казылса, түштүк региону боюнча 2 миллион 300 миң тоннадан ашык көмүр казылды. Бул өлкөбүздөгү көмүр муктаждыгыбызды акыркы эки жыл аралыгында жаап берүүдө. Бирок ошого карабай бизге Казакстандан да көмүр алынып келинет. Бишкек ЖЭБи жана Чүй жергесинде жайгашкан эл дагы Казакстандан келген көмүрдүн негизинде кыштан чыгышууда. Учурда “Кыргызкөмүр” ишканасы жылдан-жылга көмүр өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып жатат. Мисалы, 2022-жылы 3 миллион тоннадан ашык көмүр өндүргөн болсо, 2023-жылдын жыйынтыгы менен 4 миллион тоннадан ашык көмүр өндүрүлүүдө. Анткени биз канчалык көп өндүрсөк, өзүбүздүн ички муктаждыгыбызды жабуу менен бирге Баткенде жайгашкан “кара алтындын” кендери аркылуу Тажикстанга да сатууга чыгарылат. Ал эми Кызыл-Кыяда жайгашкан кендер аркылуу Өзбекстанга көмүр чыгарылып, экспорт маселеси да жылдан-жылга өндүргөн көлөмүн жогорулатып келүүдө. “Кыргызкөмүр” ишканасы өз ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Алар ондон ашык лицензия алышкан. Кээ бир көмүр кендерин чалгындоо, айрымдарын казып алуу иштери боюнча Аксы районунда жайгашкан "Тегене" көмүр кени, Баткенде жайгашкан "Сүлүктү поле-11", Кара-Кечеде жайгашкан бир участок, Миң-Кушта жайгашкан бир участок, ошондой эле кокска ылайыктуу көмүрлөргө да лицензиялар алынган. 11 көмүр кени боюнча лицензия алынган болсо, анын тогузу боюнча меморандум түзүлгөн. Эки кен боюнча лицензиясын иштетүүгө келишимдер да бар. Бүгүнкү күндө Кабакта, Миң-Кушта жайгашкан көмүр кендери боюнча долбоорлор түзүлүүдө. Ал көмүрдү Бишкек шаарына жеткирүү боюнча Балыкчыдан Кочкорго, Кочкордон Кара-Кечеге темир жол курууга даярдыктар жүрүп жатат деп айтсак болот. Президентибиздин, министрлер кабинетинин жардамы менен “Кыргызкөмүр” ишканасына 90дон ашык жүк ташуучу машиналар, ондон ашык экскаватор, бульдозерлер алынып берилди. Булардын баары өлкөбүздөгү көмүр ишканаларын жандандырууга, өндүрүү маселелерин чечүүгө чоң жардам берип жатат. 

Азыр бизде жашыл экономика программаларына өтүүгө иш пландарын жасай берүү зарыл. Бирок көмүр өндүрүүчү жайларды жаап салуу маселесинен алысыраак болгонубуз оң. Себеби, дагы деле болсо көмүр өндүрүүнү жакынкы он жыл аралыгында пайдаланабыз деген шарттар бар. Мисалы, коңшу Казакстан быйыл үч ЖЭБ курабыз деген план коюп жатышат. Өзбекстан Кыргызстанга кайрылуу жасап, “көмүр кесимдеринен экспортко алабыз” деген пикирлерин билдиришүүдө. Кытай өлкөсү да бул маселеге кызыкдар. Ошого байланыштуу жакынкы он жылда иш аракеттерибизди токтотпой жүргүзө беребиз.

Былтыр министрлер кабинети тарабынан жакшы бир иш-чара жүргүзүлө тургандай болуп жатты эле. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишкананын статусун корпорацияга чейин көтөрүү тапшырмасы берилип, бирок маселе акырына чыкпай, токтоп турат. Ошол маселе ишке ашса, Кыргызстандагы көмүр өндүрүү тармагын бир нукка салып алсак түзүк иш болмок. Өлкөбүздө учурда 400дөн ашык лицензия көмүр кендерин чалгындоо жана иштетүү үчүн болсо, анын 200дөн ашыгы көмүр казуу үчүн берилген. Олуттуу саясат жүргүзүү үчүн Кыргызстанда бир мекеме болушу шарт, бирок корпорация боюнча жакшы идея кечендеп жатканы кейитүүдө. Бул өлкөбүздүн өнүгүшүнө, жылуулук иштеринин илгерилешине чоң өбөлгө болмок деген пикирдемин. 

-- Кендер, алардын үлүштөрү тууралуу мыйзам талаасында кандай жаңылыктар бар?

-- Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам бар. Ал мыйзамдын негизинде “алтын, күмүш, жез кендерине байланышкан ири кендерден орто кендерге чейинки мамлекеттин үлүшү жок дегенде 30%дан кем болбош керек” деп чечим кабыл алынган. “Алар ачык жол менен иштетилген болсо, анда 40%, эгер жабык түрүндө иштетилсе, анда 30%дан кем эмес болуп иштетилиши керек” деген мыйзам долбоору даярдалып, ошонун негизинде Жогорку Кеңеш чечимдерди кабыл алып жатат. Ага кошумча катары, “эгер мурда алынган лицензиялар болсо, анда мамлекетке тийешелүү үлүштөрүн берсе болот” деген пункттар бар. Бул туура, себеби, мамлекеттин үлүшү сөзсүз түрдө алтын, күмүш, жез иштетүү кендеринде каралышы керек. Ал эми мурда берилип кеткен лицензиялар боюнча тийешелүү мекемелер сүйлөшүү жолдору менен үлүштөрдү алганга иш-аракеттердин жүргүзүлүшү шарт. Үлүштөрдү алууда кендин потенциалы эске алынышы керек. 

-- Жаңы ишке кирүү алдында турган “Тоголок” кени тууралуу оюңузду уксак?

-- “Тоголок” кени, анын жанындагы Жаңгарт аянтчасы мамлекетибиз тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде ишке киргени турат. Ал чечимдин негизинде иштете турган мекеме 100% мамлекеттик мекеме болсо, анда ал ишканага бериле турган кен эч кандай аукцион, конкурсу жок берилет. Ошонун негизинде министрлер кабинети тарабынан чечимдер кабыл алынып, “Тоголок” кени "Кумтөр Голд Компани" ЖАКына берилди. Азыркы учурда ал жерге жайгаштыра турган поселок, өткөөлдөрдү даярдоо иштери жүрүүдө. Андан тышкары, кендердеги рудалардан пробаларды алып, курамын, корун аныктоо иштери жүрүп жатат. Союз учурунда изилденген маалымат боюнча ал жерде 17 тоннадан кем эмес алтын бар деп эсептелинген. Бул кен боюнча Кумтөр компаниясы алгылыктуу иш жүргүзүп жатат деп айтсак болот. 

-- Кендер, урандар менен жер титирөөнүн байланышы жокпу?

-- Урандар менен жер титирөөнүн эч кандай байланышы жок. Жер титирөөгө ал жерде кен барбы-жокпу, жер катмарынын түзүлүшүнүн негизинде, мындайча айтканда, плиталарга бөлүнгөн жердин жайгашуусу, алардын жылып туруусу себеп. Көп жылдар өтүп, жылып туруу убактысы келген учурда, ошолордун таасиринин негизинде жер титирөө болот. Ал эми уран болобу, алтын болобу, ал жерде кендердин эч кандай тийешеси жок.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер