Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кош Асылбек, эми сенин чыгармаларыңдын экинчи өмүрү башталат!

Кош Асылбек, эми сенин чыгармаларыңдын экинчи өмүрү башталат!

31-июль, 22:07
463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакын жүрсөк оолак болушпай,

Жаман айтып аңдып тоорушпай.

Мезгилибиз өтөр кош айтып,

Жүрөлүчү жүрөк оорутпай...

Ушул ырдын обонун жараткан маданияттын мыкты кызматкери, билим берүүнүн отличниги, обончу, ырчы, аранжировщик, биздин мыкты замандашыбыз Асылбек Рысалиевдин жүрөгү 7-июль күнү, 72 жаш курагында  токтоп калды. Шум ажал арабыздан күтүүсүздөн сууруп кетти. Кабыргабыз сөгүлүп, жер муштап кала бердик.

Асылбек экөөбүз 1969-жылы филармониянын алдында чогуу окуп тааныштык. 1970-жылы советтик армиянын катарына бирге чакырылып, Германияда милдетибизди өтөп келдик. Ал музыкант, мен танкист болдум. Кошуна аскер бөлүгүндө (15 чакырым) болгон менен жүз көрүшүү мүмкүн эмес эле, тартип катуу болчу. Ал мага таң эрте кат жазса, түштө алчумун. Жообу кайра кечинде жетчү. 1972-жылы армиядан келип, окуубузду бүтүп, “Гүлкайыр” аттуу эстрадалык ансамблди курап, анда Турат, Жумабек, Кайнарбек, Каныбек, Талас, Билал болуп кыргыз элине бир заматта дүң болгонбуз. Көралбастардын кесепетинен “Гүлкайыр” бир заматта тарап, ар кимибиз ар кай жакка бет алдык. Асылбек кесипчилик окуу жайлардын борборунда Аксуубай Атабаев менен биргеликте көркөм жетекчи болуп, көптөгөн таланттарды чоң сахнага алып чыккан. Өзү сыймыктанып айтып калар эле. “Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Султан Каримов, Алина Жетигенова, Гүлнара Кахарова, Мерген Турган ж.б. Ушулардын атактуу болушуна менин дагы эмгегим бар!” деп. Өзүнүн Сары-Булак айылын оозунан түшүрчү эмес. Бир жолу Нарындын Куланак айылынын кире беришинде дөңгөлөгүбүз жарылып, токтоп калдык. Эскисин үйлөтөлү десек насос жок. Үймө-үй кыдырдык, эч кимисинен табылбады. Ошондо Асылбек “эгер биздин айылдын жанында болгондо мен 46 насос тапмакмын” деп күлдүргөн эле. Ал эми акын жөнүндө сөз боло калганда Турар Кожомбердиевдин ырларын биринен сала бирин кырааты менен жатка айтып кирчү. 

“Асылбек дос, бизди таштап эмне ал жакка анча шаштың, жашай турсаң болбойт беле?” деп жоктоп отурабыз. Эмне дейли, күтүүсүздөн акка моюн сундуң. Сенин элесиң эч качан элибизден унутулбайт! Куйкум сөздөрүң, кылык-жоруктарың, азил-тамашаларың, ырларың дайым биз менен! Эми чыгармаларыңдын экинчи өмүрү башталат. “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” ырыңды өзүңдүн, Санаттын аткаруусунда мурун жыргап уккан болсок, мындан кийин сени эстеп, көзүбүзгө жаш алып угабыз.

Байбичең Санатка (Розага), карындашыңа, кыздарың, күйөө балдарыңа небере, чөбөрөлөрүңө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жериң жайлуу болсун. Кудайым ордуңду бейиш бактарынан берсин. Кош!


КР эл артисти Келдибек Ниязов, Асанжан, Бейшенбек, Кошул, Жумакан, Кармыш, Жаныбек, “Гүлкайыр” ансамбли 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер