Бийликти алдап койгон Бабанов Кудайдын эрке баласына айландыбы?
Коомчулукта Өмүрбек Бабановго 13 кылмыш иши козголуп, мамлекетке 3,5 миллиард сом зыян келтиргени байма-бай айтылып келет. Бул жагынан берилген органдардын расмий маалыматтары кайда? Же бийлик менен тымызын сүйлөшүп, “көмүскө миллиондорду агызса” эле кылмыш иштеринен кутулуп кетеби? Эл болсо карап турат. Таңгалып жаткандардын таңдайлары да түшүп калбайбы? Учурда Бабанов “Республика” партиясын Бишкек шаардык кеңешине алып чыгып, көшөгө артынан өзү башкарып, ишенимдүү тууган-урук, дос-жарлары менен саясаттын майын чыгарганы калышты. Акаев доорунан бери Бабанов баардык бийликтерди алдап, каалаган кызматына жетип келди. Байлыкты ченебей топтоду. Эң башкысы, өзү үчүн гана жыргап жашары белгилүү. Учурда кылмыш иштерине жооп бербей, “Республика” партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине жакын адамдарын алып келип, мэрди шайлаганга кызыкдар. Күздө болсо Жогорку Кеңешке командасы менен өтүп келери болжонууда. Ушинтип эле тайраңдап жүрө береби? Кыскасы, бийликти алдап койгон Бабанов Кудайдын эрке баласына айландыбы?
"Азия Ньюс" гезити