Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек шаарынын курултайы 10-октябрда өтөт

Бишкек шаарынын курултайы 10-октябрда өтөт

05-сентябрь, 12:07
308 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бишкек шаарынын курултайында элдик курултайга барчу делегаттар тандалат жана шаар мэри 2022-жылдын биринчи жарымында жасалган иштер тууралуу отчет берет. Буга байланыштуу шаардык кеңеш токтомдун долбоорун даярдады.
Элдик курултайга Бишкектен 500 делегат катышат.
Президент Садыр Жапаров 16-августта ушул жылдын 25-ноябрында элдик курултайды чакыруу тууралуу жарлыкка кол койгон жана жол-жобосу бекиген.
Ал Фейсбуктагы баракчасына "курултайда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жазган жана бийлик делегат тандоого кийлишипейт", деп билдирген.
Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер