Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мени жакшы көргөн адамдар кош болгула!

Мени жакшы көргөн адамдар кош болгула!

21-февраль, 16:50
1 460 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

55 жаштагы кытайлык белгилүү режиссёр Чанг Кай, эжеси жана ата-энеси коронавирустан каза табышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, алгач, режиссёрдун атасы дем алуусу кыйындап, дене табы көтөрүлүп, жөтөлө баштаган. Ооруканада орун жок болгондуктан, үйдөн кароого туура келген. Тилекке каршы, Кайдын атасы 25-январда каза табат. Артынан эле апасы көз жумат.
 Мындан улам ата-энесин карап жүргөн эжеси жана өзү коронавирус жуктуруп алганы маалым болгон.
Бирок, Чанг Кай вирустун баштапкы стадиясында эле дарылануудан баш тарткан.
Бул учурда анын жубайы оор абалда интенсивдүү терапия бөлүмүндө дарыланып жаткан болсо, уулу Улуу Британияда окуп жүргөн.
Чанг Кай жана анын бир тууганы 14-февралда көз жумушкан. Режиссёр бир нерсени сезгендей:
 “Таш боор вирус баарыбызды жеп жутту. Мен ооруканаларга барып, дарылоосун сурандым. Бирок, бош орун табуу кыйын болду.
 Мен атамдын жакшы көргөн уулу, уулума жоопкерчиликтүү ата, жубайымдын сүйүктүү жолдошу, жашоодо чынчыл адам катары жашадым. Мени жакшы көргөн жана мен жакшы көргөн адамдар кош болгула!”- деген катын досторуна жөнөткөн.
 Эске салсак, Ухань университетин 1989-жылы бүткөндөн баштап киностудияда иштеп келет. Ал иштеген Hubei Film Studio кинокомпаниясына анын өлүмү оор сокку болду.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер