Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Чүй, Талас облустарындагы жоолукчан аялдар менен жолуктук”

Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Чүй, Талас облустарындагы жоолукчан аялдар менен жолуктук”

07-апрель, 09:00
631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Динара айым, Америкага жасаган сапарыңыз кандай болду?

-- Буюрса, жакшы. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 67-отурумуна барып келдик. Отурумда көп маселелер каралды. Эң негизги маселе – аялдарды санариптештирүү түркүмүнө киргизүү жана потенцалын көтөрүү, жаңы кесиптерге үндөө, колдоо көрсөтүү жөнүндө болду. Андан тышкары, мен мусулман аялдарды кесиптик жактан колдоо жана радикалдуу агымдарга кошулуп кетпөөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча дагы бир отурумга катышып, өзүм да доклад жасадым. Экинчи бир чоң маселе – айлана-чөйрөнү, жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүүгө баргам. ЮНЕП деген БУУнун дүйнө боюнча чоң уюму бар, ал жерде Кыргызстанда жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, грант тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Экология боюнча кодекстерди жаңылап, экономиканы жашыл нукка буруу үчүн бизге өнүккөн өлкөлөрдүн гранттык жардамы керек.

-- Шарапаткан Мажитовна докладын орус тилинде даярдап барып, ал жактан англис тилине которууга туура келгенин айтты. Сизде андай көйгөй болгон жокпу?

-- “Мен англисчени өтө эле укмуш билем” деп айта албайм, бирок Европага  барганда докладдарымды англис тилинде эле жасап жүрөм. Чынында Шарапат эже менен Айсара эжеге бир аз кыйын болду окшойт. А мен болсо бул жактан эле докладымды эки тилде даярдап баргам. Ошон үчүн мага оңой эле болду.

-- Келген соң региондорду да кыдырган турбайсыздарбы?

-- Ооба, Чүй, Талас облустарындагы жоолукчан аялдар менен жолуктук. Медреседе окуган кыздарга бир гана теологиялык билим албастан, математика, IТ технология, менеджмент, маркетинг боюнча долбоолорду жазгыла деп түшүндүрдүк. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер