Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Кубатбек Байболов, экс-депутат: “Жакырчылык тереңдей берсе, социалдык чыңалуу пайда болушу ыктымал”
Кубатбек Байболов, экс-депутат: “Жакырчылык тереңдей берсе, социалдык чыңалуу пайда болушу ыктымал”
14-январь, 20:53

-- Өлкөдө жумушсуздук көйгөйү дагы деле чечиле элек. Россиядан келген мигранттар көбөйүүдө. Келечекке карай кандай кырдаал жаралышы мүмкүн?
-- Жумушсуздуктун өлчөмү жалпы экономиканын бирден-бир көрсөткүчү жана анын акыбалынан көз каранды. Маселен, статкомитеттин маалыматы боюнча биздеги жумушсуздуктун өлчөмү 5 пайыздан өтпөйт, о.э. дүйнөлүк орточо көрсөткүчтүн тегерегинде. Ал эми эл аралык изилдөө уюмдардын маалыматы боюнча бул көрсөткүч 9 пайыздан жогору жана көпчүлүк жумушсуздар каттоо органдарына кайрылбаганын эске алсак, жумушсуздук мындан эки эсеге көп болушу мүмкүн.
Мындай чоң өлчөмдөгү жумушсуздуктун себеби эмнеде? Биринчи кезекте мамлекетте акыркы убакта орун алган нарк экономикасына каршы келген аракеттердин күч алышынан келип чыккан инвистициялык табияттын өзгөрүшүнө байланыштуу жана орто-чакан бизнестин кыскарышынан келип чыккан көйгөй. Экинчиден, салыктардын өсүшү да бизнестин кыскарышына алып келди. Эгер Россиядан кайтып келген мигранттардын саны кескин өссө, албетте, жумушсуздук күчөп, жакырчылык тереңдейт, ошого катар буга байланышкан социалдык чыңалуу пайда болушу ыктымал. “Эмне кылуу керек?” деген суроо туулат. Бул эми башка чоң көйгөй. Анын ичинде эң биринчиси нарк экономикасын улантабызбы же бизнестин баарын талкалап, мамлекетке өткөрүп, социализмди курууга бет алып, большевизмди жандандырабызбы? Бул жарыяланбаган саясаттын көрсөткүчтөрүнө өзүңөр күбөсүңөр. "Азия Ньюс" гезити