Акыркы кабарлар
» Коом » Беткап кийбей, айып төлөй албаган жарандар пахта терүүгө жөнөтүлүп жатат
Беткап кийбей, айып төлөй албаган жарандар пахта терүүгө жөнөтүлүп жатат
02-сентябрь, 12:17

Түркмөн бийлиги өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Марый районунда беткап кийип жүрүү эрежесин сактабаган, буга байланыштуу айып төлөй албаган жарандарды пахта терүүгө жөнөтүп жатат. Ашхабад мындан баш тарткандар эмгек лагерлерине мажбурлап жөнөтүлөрүн эскертти. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып жазды.
Мындай адамдардын биринчи тобу пахта талааларына 30-августта жөнөтүлдү. Маалыматка караганда, алар бир күндө кеминде 20 килограмм пахта чогултушу керек. Эгер норманы аткара албаса, пахта теримге дагы келет.
Түркмөнстанда коомдук жайларда беткап тагынбагандарга 60 манат (17 доллар) айып салуу август айынан башында башталган. Бийлик оозу-мурдун чүмкөө боюнча талапты «абада чаң көбөйгөнү» менен түшүндүргөн.