Акыркы кабарлар
» Коом » Өлкөбүздө биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды
Өлкөбүздө биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды
31-август, 15:23


Бишкек шаарында ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалды. Операцияны “Кыргыз-түрк достугу” ооруканасынын дарыгерлер тобу жасаганы маалым болду. Оорукана жетекчилиги мекеме мындай операцияларды толугу менен ишке ашыра баштаганын, бул үчүн ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө теңдеши жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди. Мындан тышкары, учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт. Бул мезгилде атамекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат.











