Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Биздеги бюрократия, ызы-чуу инвесторду качырат”

-- Коңшу Өзбекстан, Казакстанга инвестициянын агылып атканы суктандырып келет. Салыштырмалуу караганда, мамлекетибиз бул жагынан аксап калгандай...
-- Туура белгилеп айттыңыз. Отуз жыл аралыгында бизге көп эле инвесторлор келип кетти. Ошол эле Өзбекстандагы завод ДЕУ курулганда да биринчилерден болуп Кыргызстанга келип, үстөк акча талап кылган үчүн алар ошол жакка кетип калышкан. Биздин мамлекетибиз үчүн бул чоң көйгөй да. Анткени инвесторлор келип, өз акчаларын салып, салымын кошуп, бир топ завод-фабрикаларды ачалы дешсе, тилекке каршы, алардан кирип-кире электе эле акча сурап, пайыз сурап, коркутуп-үркүтүп, кайра кетирип алчубуз. Ошого байланыштуу ушундай жаман жагдай түзүлүп калган эле. Ал эми коңшу мамлекеттер ошол учурдан баштап эле үйгө конок келгендей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген. Инвестор келсе, керек болсо акимден бери тосуп алып, бюрократия орун алып келген...
-- Соңку кездери кандай аракеттер көрүлүүдө?
-- Менин оюмча, акыркы убактарда бизде да ушундай мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Биз да буларга өтө терең көңүл буруп, жемкорлор менен күрөшүп, аларга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Бирок дагы деле алдыда көп иштер бар. Инвесторлор келип эле президентке же премьер министрге, министрлерге же депутаттарга кирип алсам (!) деп жол издей беришет. Алар эч жакка жолукпай эле биздин атайын инвесторлорду коргоо агенттигине кирип, анан ачык-айкындыкты чыгарып беришсе, кайсы жерге кандай долбоорду түзүүнү айтышса, баарына шарты көрсөтүлсө... “Кандай багытта иштейм дедиңиз эле?” деп, тармактар тууралуу инвест-долбоорлорду берип турса, “буга мынча акча салсаңыз, бир-эки жылда актайт” дегендей жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берүү абзел. Бизге инвестор келсе, жылдап бюрократиянын алкагында ызы-чуу менен жүрө берет. Ушул сыяктуу нерселердин маселесин биз дароо эле алдын ала чечип, “Ар бир инвестор маанилүү” деген ураан менен кабыл алышыбыз шарт. Ошондо гана бизде инвесициялык климат өзгөрөт.
"Азия Ньюс" гезити