Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуркан Койчуманова, серепчи: “Ысырапкерчиликти өлүк чыккан жерден эмес, той-тамашадан азайтуу керек”

Нуркан Койчуманова, серепчи: “Ысырапкерчиликти өлүк чыккан жерден эмес, той-тамашадан азайтуу керек”

03-март, 20:04
15 481 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуркан эже, муфтият чыгарган фатва боюнча оң-тескери пикирлер арбын айтылууда. Сиз кандай дейсиз? 

-- Апам раматылык айтып калчу. “Өлгөндөр баркталмайынча, тирүүлөр даңкталбайт. Арбак тоймоюнча бириң эки болбойт, казаныңа да береке жукпайт! Кур аякка бата жүрбөйт! Жайган дасторконуңдан канча адам даам татып, бата кылып кетсе, ошончолук сообу тийет” деп. “Силер эмне, “өлдүң да калдың, бүттү” деп чектен чыгып баратасыңар? Арбакты да сыйлай билиш керек” деп ыза болду эле. Чынында эле элибиз малды жакшылык-жамандыкта кан чыгарып союп, түлөө өткөрүп, куран окуп, бата тилеп, келген балээ көрүнсө малга көрүнсүн, башы-көзүбүздөн садага деп курмандык чалып келген. “Арбакты сыйлабаган адам тирүүнүн кадырына жетпейт” дечү эле. Чынында эле ошондой. Кыргызда сөөк салт-санаасы, кошогу менен жаназа окулуп, боз үйдөн узатылышы керек. 

Акыркы учурларда үчилик, жетилик, кыркы деген нерселер жоюлуп эле калган, бирок жылдык аш өткөрүшөт. Анткени, жылдыгында аза күткөн туугандар ак кийип, кураны катмы түшүрүп, элден бир бата алышат. Ошону менен маркумга арналган эксан бүтөт. Бир жыл өлгөн жакындарыбызга аза күтүп, куран окута албасак, анда кандай эл болобуз?

-- “Бул фатва салтты бузат, өзөгүбүздү жоготот деп санаркагандар да бар. Сиз да кооптонуп жатасызбы?

-Биздин мамлекет өзү динден тышкары, бирок акыркы учурда алар ички саясатка баш-оту менен кирип кеткени байкалат. Бул туура эмес көрүнүш. "Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам" демекчи, чала молдо дин бузарлар эртең дагы бир нерсе ойлоп табарына күмөнүм жок. Раматылык Чубак ажы аалымыбыз: “Арабдар бизге көп акча сунуштап, салтыбызды өзгөртүүгө кызыкдар, аларга жол бербеш керек. Антпесек кыздарыбызды да бир күндүк нике менен алып, төбөңдө ойнойт! деп айтканы да бекер эмес. Бул жерде дагы бир биз билбеген саясат дагы болушу мүмкүн. “Караңгы элди дин менен башкаруу оңой дегендей, билимсиз, окубаган кыз-келиндерибиздин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Бул өкүнүчтүү. Анткени ошол кыз-келиндерибиз эртең балдарыбызды тарбиялашат...

-- “Ысырапкорчулукту токтотууну сөөк узатуудан эмес, тойдон башташ керек дегендер дагы бар... 

-Ысырапкерчиликти өлүк чыккан жерден эмес, той-тамашага, көк-бөрү оюндарына, ресторан-кафелерге кеткен чыгымдарды азайтуудан башташ керек. Ресторан акылары асманга чыгып кетти. Маселен, кошумча экранга, музыкага, сына элек идиш-аяктарына, жууй турган каражаттарына чейин акча алышат. Аларды тескеген эч ким жок. Той ээлери аягында тапканын ресторанга төлөшүп, карыз болуп кетип жатышат. “Мааракени үч саатка кыскартабыз деген менен ресторан-кафелердин тейлөө акысы азайган жок. Жакшылык ресторансыз үйдө деле өтө берет. Ага эч ким капа болбойт. “Канча бут кирсе, ошончо кут кирет деп коюшат. Кыз узатуу, бешик той, сүннөт, үй той, уул үйлөнтүү үйдө өтүш керек. Ошондо чыгым азаят. Кыз узатуу тойдун чыгымы баардык тойлордон ашып кетти. Эки кыз берген ата-эне айласын таппай эле калышты. Ушулардын баары ресторанда өтүшүнө чек коюлса жакшы болот эле. “Кедей байга, бай Кудайга жетем” деген атаандашуу токтойт эле. Бешик деген ыйык нерсеге наристе ресторанда эмес, куттуу үйдө салынат да“Той барды чачат, ал эми өлүм адамдын абийирин ачат!” дейт.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер