Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сокулук районунун эли “Биримдик” партиясын колдоду

Сокулук районунун эли “Биримдик” партиясын колдоду

13-сентябрь, 19:14
679 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын лидерлери Сокулук районунун тургундары менен жолугушту. Шайлоо өнөктүгүнүн алкагында өтүп жаткан жолугушууда жергиликтүү тургундар талапкерлерди жылуу маанайда тосуп алып, Сокулук элин кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты. 

Шайлоого аттанган “Биримдик” партиясынын курамында Сокулук районунун кулундары да талапкерлер катары катышууда. Жолугушууда “Биримдиктин” Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлери партиянын программасы тууралуу айтып беришти. 

Партиянын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров программа жөнүндө кеңири айтып, “Биздин партия теңдик принциби менен иштеп жатат. Партиянын курамында өлкөнү башкарууга жөндөмдүү кадрлар бар" деди. 

Талапкер Аида Касымалиева өз сөзүндө партияда гендердик теңчилик сакталганын айтып, аялдар социалдык көйгөйдү чечүүдө чоң рол ойной турганына токтолду: «Азыркы чакырылыштагы көптөгөн мыйзам долбоорлорун депутат Гюльшат Асылбаева иштеп чыккан. Динара Исаева болсо биздин спортчуларды колдоого алып келет, спортчулар анын жардамы менен эл аралык мелдештерге катышып гана тим болбостон, алтын медалдарды жеңип келишүүдө. Динара айым бул жааттагы иштерин жарнамалай бербейт. Алардын жетишкендиктери, Динара айымдын эмгектери тууралуу билип, парламенттик шайлоодо колдошубуз керек деп ойлойм”, – деди. 

Андан кийин Улукбек Кочкоров сөз сүйлөдү. Ал белгилегендей, социалдык өнүктүрүү министри болуп келгенде, бир жылда 600 миллион сом керектүү жактарга жумшалбай жаткан. «Себебин аныктагандан кийин жакырларга, жетим балдарга, балдары майып болгон ата-энелерге жөлөк пул бере баштадык. Биз бул ишти аягына чейин жеткиребиз. Анализ жүргүзүп, социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн кантип көбөйтүү керектигин аныктап, аны партиянын программасында камтыдык”, - деди Кочкоров. 

Сокулук элинин кадырлуу аксакалдары менен энелер “Биримдик” партиясынан аттанып жаткан талапкерлерге ак батасын берип, жеңиш каалашты. Жолугушуу “Биримдик” партиясынын гимни менен жыйынтыкталды. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер