Жердешчиликке ыктаган “Хасбик” каймана атындагы Токтоналиев көпкө узабайт окшойт

Мелис Турганбаев ИИМдин бир топ кызматтарын аркалаган. Ошол кездерде жердешчиликке салып, нарындыктардын “үйүрүн” өстүрүп, өзүнчө команда чогултуп жүрчү. Алардын ичинде “Хасбик” каймана атындагы Азамат Токтоналиев да бар эле. Бул эргул учурда Бишкек ШИИБ начальниги. Соңку убактарда кеп кетип, “Хасбик” устаты Турганбаевди туурап, кол астына нарындыктарды акырындык менен чогулта баштаганы каңкууланууда. (Кыкеңдердин жетекчилери жердигине карабай профессионалдарды көтөргөндү үйрөнө албай коюшту. Бул көйгөйдөн жакында арыла албай калдык окшойт). Ал эми Азамат Токтоналиевдин ишмердигине келсек, абалы начар, өз милдетин татыктуу түрдө аткара албаганы ырас. Сөгүш алат. Коомдук коопсуздук кырдаалды чыңдоодо, кылмыш ачууда дайыма аксап келет. Көпкө узабайт го? Орун басарларына окшошкон бир пенде экен да...
"Азия Ньюс" гезити