Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жогорку соттон жооп

Жогорку соттон жооп

10-июнь, 23:39
471 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия Ньюс” гезитинин 2024-жылдын 16-майындагы санында “Ташиевдин тазалануу саясатына Базарбеков “балта чабууда” деген аталышта макала жарык көргөн. Анда “1,1 кг героин менен кармалган З.Э.З аттуу жаран Жогорку сот тарабынан акталган” деген маалымат чыккан. Андыктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул маалыматты төгүндөп, төмөнкүлөрдү билдирет.

Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун 2023-жылдын 17-октябрындагы өкүмү менен З.Э.З жана Ш.Э.Д. КР Кылмыш-жаза кодексинин 3-беренесинин 282-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылышып, ар бирине 13 жылдан эркинен ажыратуу жазасы дайындалган. 

Чүй облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштери боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 1-апрелиндеги өкүмү менен Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун 2023-жылдын 17-октябрындагы өкүмү өзгөртүлүп, соттолгон З.Э.З. кылмыш-жаза аракети КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-бөлүгүнүн 3-беренесинен ошол эле кодекстин 367-бөлүгүнүн 2-беренесине (“Кылмышты жаап-жашыруу”) жиктелип (квалификацияланган), ага карата 5 жыл жаза дайындалып, КРнын 2024-жылдын 9-февралындагы №42 “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамынын негизинде эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулган.

Ал эми соттолгон Ш.Э.Д. боюнча өкүм өзгөртүүсүз калтырылган, башкача айтканда, биринчи инстанциялык соттун өкүмү менен 13 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы күчүндө калтырылган. 

КР Жогорку сотуна кандайдыр бир кассациялык сунуш же кассациялык даттануу аталган иш боюнча келтирилген эмес, башкача айтканда, Жогорку сот тарабынан бул иш каралган эмес. 

КР Жогорку соту коомчулукка туура эмес маалымат таркатпоонун алдын алуу максатында Жогорку соттун басма сөз кызматынан ар бир чыгып жаткан маалымат боюнча тактоону суранат. 

Жогорку соттун басма сөз кызматы


Редакциядан түзөтүү жана чечмелөө

Сөздү көбөйтпөй ток этер жерине салалы. “Азия Ньюс” гезитине “Ташиевдин тазалануу саясатына Базарбеков “балта чабууда” деген чакан макала чыккан. Учкай мисал келтирели. “Бизге жеткен маалымат боюнча алсак, Жогорку сот тарабынан Э.З. “акталганы” айтылды. Муну кандайча түшүнөбүз? УКМК факт жүзүндө Эмирлан Зарылбек уулунун бир тууганын 1,1 кг героин менен кармап атса, райондук сот 13 жылга соттосо, бул чечим облустан бекемделсе, анан кандай болду?” деп суроо салганбыз. “Акталганы” айтылды” деп жогоруда тырмакчага алынууда. “Төгүндөөдөн” мурда сөз табиятын чечмелесек болмок...

Акыры Октябрь РИИБнин начальниги Эмирлан Зарылбек уулунун иниси З.Э.З Чүй облустук сотунан мунапыс менен “будамайланып”, кылмыш жазасынан бошотулган турбайбы. Подельниги Ш.Э.Д. боюнча сот өкүмү өзгөртүүсүз калтырылып, ал 13 жыл жазасын абактан алат экен. Экөө бирдей өтө оор кылмышка айыпталса, Чүй облустук соту “алалап”, же “кол ийрисине тарткандай” чечим чыгарса, эмне дейбиз? Октябрь РИИБ начальниги Эмирлан Зарылбек уулунун З.Э.З. бир тууганы болуп атса, кылмыш жазасынан кутулуп кетсе, Жогорку сот эмне дейт? Көз жазгыруунун жеткен чегиби? Айыпталуучуларга мыйзам бирдей, адилеттүүлүктө каралышы керек да. Кызык... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер