Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Путин баштаган лидерлер Садыр Жапаровдун саясаты менен эсептешүүдө”

Турсунбек Акун: “Путин баштаган лидерлер Садыр Жапаровдун саясаты менен эсептешүүдө”

19-декабрь, 18:49
548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек мырза, адам укугун коргоо багытында “тегерек үстөл” уюштурупсуз. Ал жыйында кандай орчундуу маселелер көтөрүлдү?

-- 10-декабрь – бүткүл дүйнө боюнча адам укугунун эл аралык күнү. Бул күнү ар бир мамлекетте адам укугу боюнча баа берилет, түрдүү жыйындар өтөт. Биз да жылына ушул күнү адам укугуна арналган жыйындарды өткөрөбүз. Бу сапар “Европа” отелинде өткөрдүк. Аталган жыйынга Кыргызстандагы белгилүү инсандар, саясатчылар, журналисттер жана Конституциялык соттун, Жогорку соттун, ИИМдин өкүлү, акыйкатчынын орун басары катышты. Бул жыйын монолог эмес, диалог болду. Укук коргоо органдары, сот, прокуратура тарабынан адам укугунун тебеленген фактылары боюнча курч сөздөр айтылып, Конституциянын алтыдан кем эмес адам укугу декларациясынын 12ден кем эмес беренелеринин бузулгандыгы боюнча, азыркы сот, прокуратура, милициянын аракеттери президент Садыр Жапаров баштаган бийликке көлөкөсүн тийгизип, жаманатты кылып жатканы боюнча катуу сөздөр айтылды. Аягында тийешелүү чечимдер кабыл алынды. Өлкөдөгү саясый кырдаалды жөнгө салуу, саясый туруктуулукка жетишүү, тынчтыкты жана ырашкерликти камсыз кылуу үчүн өлкө жетекчиси да жетиштүү аракеттерди көрүшү керек экени баса белгиленди. Ошондой эле жыйындын катышуучулары “президент жакын арада укук коргоочуларды кабыл алып, кенен-кесир сүйлөшүп алса, адам укугунун абалына баа берсе” деген чечим кабыл алып, жолугушууну сурандык. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча камалган саясатчыларды, журналисттерди, блогерлерди тез аранын ичинде үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алдык. 

-- Адам укугун кеп кылгандар президентти сындашат. Баалагандар макташат. Сиз президенттин жүргүзүп жаткан саясаты боюнча кандай пикирдесиз?

-- Азыркы саясат боюнча терс пикирде деле эмесмин. Адам укугун коргоо боюнча жогоруда айткан көйгөйлөр бар. Аларды президент жакын арада чечет деген үмүтүм зор. Анткени, адам укугунун абалы жакшырбаса, Кыргызстандын саясатына терс таасирин тийгизет. Бирок, Садыр Жапаров бийликке келгени Россия Федерациясы баштаган башка мамлекеттер менен карым-катнаш жолго коюлуп калды. Кыргызстанда өткөн Евроазиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына башка мамлекеттердин жетекчилери келди. Кыргызстанга Путин баштаган саясатчылардын келиши азыркы саясаттын кандайдыр бир деңгээлде жолго коюлуп, Садыр Жапаровдун саясаты туруктуу мүнөзгө ээ болгонун билгизет десек болот. 

-- Демек, кошуна мамлекеттердин президенттери, дүйнөлүк лидерлер биздин ажобуз менен эсептеше баштадыбы?

-- Азыркы Путин баштаган дүйнөлүк лидерлер Садыр Нургожоевичтин саясаты менен кандайдыр бир деңгээлде эсептеше баштады. Кыргызстанда дагы экономикалык бир топ жылыштар болууда. Айлык маселеси чечилди, курулуштар жүрүп, жолдор оңдолуп жатат. Бийлик популизмге алдырбай, туруктуу саясатты жандантып, экономиканы көтөрүп, берген убадаларын ишке ашырса эле болду.

-- Айрымдар “президент кетсин” деген маселени азыр да көтөрүп жатышат го, бул боюнча оюңуз кандай?

-- Кыргызстанда кээ бир адамдардын “президент кетсин, бийлик алмашсын” деген талаптары жаман өнөкөткө айланып кетти. Ошону токтотуш керек. Президент 5-6 жылга шайланат. Каалаган күнү эле “кетсин” деп чыга бербей, иштешине шарт түзүшүбүз керек да. Жазда, күздө эле “бийликти алмаштырабыз” деп революция кыла берсек, ал жакшылыкка алып келбейт. Туруксуздук болуп, экономика начарлайт, миграция күчөйт. Азыр эми кандайдыр бир деңгээлде туруктуу фазага өттү. Бийлик авторитардык режимди калыптандырып, анан туруктуулукка өтпөш керек. Мен азыркы бийлик демократиялык жолдон четтеп кетпейт деп ишенем.

-- Айрымдар экс-президенттердин кол тийбестигин алуу, экс-президент деген макамынан ажыратуу боюнча катуу киришип жатышат. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

-- Экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам бар. “Алардын кол тийбестигин алабыз, экс-президент деген статусунан ажыратабыз” деп аша чаппаганыбыз оң. Анткени, Роза Исаковна бир жарым жыл президент болсо да өткөөл мезгилде иштеген. Ат көтөргүс иштерди жасады. Эл аралык байланыштарды чыңдап, өлкөнү тынчтыкка алып келди. Ошон үчүн анын эмгегин баалабай койсок болбойт. Сооронбай Жээнбеков ал кишиден эки эсе көп иштеп, бир топ ийгиликтерге жетише алды. Атамбаевден кийин үзгүлтүккө учураган эл аралык байланыштарды эпке келтирди. Айыл чарбаны өнүктүрүү, элетти көтөрүү боюнча атайын долбоорлорду иштетти. Андан тышкары, стабилдүүлүктү сактоо үчүн укук коргоочулар, журналисттер, коомдук ишмерлер менен жыйындарды уюштурду. Өлкөдө тынчтык болду. Журналисттер менен соттошкон жок. Жаман ишке барбады. Ким эмне десе деле пилдей болуп баарын көтөрдү. Анан “анын кол тийбестигин алабыз” деген туура эмес деп ойлойм.

-- Бирок, Атамбаев менен болгон мамилеси достукка шек келтиргендей бааланып жатат го?..

-- Атамбаев ушундай абалга келгенине Сооронбай Жээнбеков эмес, өзү күнөөлүү. Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгенден кийин ага кийлигишпеши керек эле. Атамбаев Сапар Исаковду алып келип, Сооронбай Жээнбековго тоскоолдук жаратты. Ишине кийлигишти. Сөктү. Акырында Сооронбай Жээнбеков досун эмес, карапайым элди тандады. Мыйзамдуу чара көрдү. Атамбаев Кой-Ташка жатып алып, элдин баарын Сооронбай Жээнбековго каршы тукуруп, колтугуна суу бүрктү. Элди чагымчылдыкка үндөдү. Мен Атамбаевге каршы эмесмин. Ал да олуттуу чечимдерди кабыл алып, жакшы иштөөгө аракет кылды. Бирок, бир топ катачылыктарга да жол берди. Ал эми азыр аны колдоп жаткандар Атамбаевди ошондо токтотуулары керек эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер