Эл аралык басма сөздө чоң жаңжал жараткан министр Бейшеналиев ээрден оойбу?
Билген кишилердин айтымында, билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев түрк Феттулах Гүлендин уюмунун активдүү мүчөсү катары белгилүү. Көрсө, бул балакай эч кандай деле эл аралык университеттерде окубаптыр. Ал ошол “гүленчилердин” эле сектасына тийиштүү Польша менен Германиядагы окуу жайларында стажировка өтүптүр. Анан Феттулах Гүлендин Кыргызстанда мектептеринин тарыхын даңазалап, ошол эле уюмдун каржылоосу менен АКШга чакырылыптыр. Ошентип, кыргыз элине эң көрүнүктүү жаш акылманы болуп өзүн тааныштырып, кайра эле баягы “абийлердин” жардамы менен өкмөткө орношуп, ал жакта тез эле бөлүм башчысы болуп дайындалган. Түркия өкмөтү бир канча жолу кайрылып атып, муну Абылгазиевдин учурунда араң өкмөттөн алдырткан. Октябрдагы акыркы революциянын жыйынтыгы менен бул жигит тез эле билим берүү министри болуп дайындалып калган. Фейсбукта анын ар бир кадамын мактагандар толтура. Бирок, министрликте аткарып аткан иштерин билгендер бул жигит абдан популизмге берилген, мактанчаак (!) деп айтышууда. Мына эми акыркы эле жоругун карасаңар...
ЮНЕСКО эл аралык уюмунун генералдык директорлугуна өзүн өзү көрсөтүп, акыркы жылдардагы эң чоң дипломатиялык чырды жаратканга үлгүрдү. Эч ким менен кеңешпей, мамлекет башчынын уруксатысыз, тышкы иштер министрлигине кабарлабай, түз эле Парижге өзүн ЮНЕСКОнун генералдык директорун шайлоосуна көрсөткөнү, анан эле жоругу билинип калганда, он күндөн кийин кандидатурасын чакыртып алганы, азыркы учурда эл аралык басма сөздө чоң жаңжал катары талкууланып атат. Расмий Кыргызстан эчак эле Францияга ал мамлекеттин өкүлүн колдоорун убадалап, сөз бергенин жокко чыгарып, Бейшеналиев мекенибизди уят кылды. Билим берүү министри жаштык кылганына чет өлкөдө эч ким ишенбей атат. Эми Франция өкмөтүнө абдан көп сын айтылып, ал Кыргызстандай чакан өлкөнүн колун кайрыгандай пикир түзүлүп, өтө ыңгайсыз абал жаралып калды. Башка бир дагы мамлекетте өкмөт мүчөсү “жөн эле” өзүн өзү БУУ институттарга көрсөтө бербейт. Оюнчук эмес. Мындай көрүнүш бизде гана мүмкүн. Эми Кыргызстандын атайын кызматтары “Алмаз Бейшеналиев чын эле өзүн өзү көрсөттүбү, же болбосо кайсы бир тышкы күчтүн буйругун аткардыбы?” деген иликтөө жүргүзүп аткандарын эшиттик. “Чын эле FETO уюмунун өкүлү биздин билим берүү тармагын улуттук кызыкчылыкта жетектей алабы?” деген суроо бергенге негиз көп...
“Азия Ньюс” гезити