Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » БУУ: Согуш башталгандан бери Украинадан 5,5 млн. адам чыгып кетти

БУУ: Согуш башталгандан бери Украинадан 5,5 млн. адам чыгып кетти

03-май, 12:04
373 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россия кол салган эки айдан ашык убакыттан бери 5,5 млн. адам Украинанын аймагын таштап чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар иши боюнча агенттиги кабарлады.

Алардын көбү – дээрлик 3 миллионго жакын киши Польшага өткөн. 825 миңи Румынияга, 681 миңи Россияга, 530 миңи Венгрияга, 447 миңи Молдовага, 379 миңи Словакияга жана 25 миңи Беларуска келишти.

Качкындар иши боюнча агенттик Шенген аймагынын ичинде жарандар ээн-эркин каттап жатканын, бул аймактын ичинде Венгриянын, Польшанын жана Словакиянын чек арасынан өткөндөр гана расмий эсептелип жатканын билдирди. Бул өлкөлөр Украина менен чектешет. Аларга кирген украиналыктардын бир бөлүгү андан ары башка мамлекеттерге өтүп кетишкен.

Украинанын мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын башында өлкөнүн калкы 41 миллиондон ашкан.

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссарынын башкармалыгы Россия кол салгандан бери Украинада 2889 адам өлгөнүн, 3235 адам жараат алганын билдирүүдө. Украинанын расмий бийлиги курмандыктар мындан бир нече эсе көп экенин маалымдап келет. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер