Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Полковник Азамат Токтоналиевдин ишмердиги – кыргыз милициясы үчүн үлгүлүү көрүнүш

Полковник Азамат Токтоналиевдин ишмердиги – кыргыз милициясы үчүн үлгүлүү көрүнүш

09-февраль, 01:26
5 629 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Азамат Токтоналиев начальник болуп келгенине эки жарым жылга аяк басты. Бул аралыкта борбор калаабыздагы көп өзгөрүүлөрдү, ийгиликтерди санай берсек сөз арбыйт. Эмесе, биз айрым урунттуу мисалдарга гана токтоло кетели. 

     Эң орчундууларына келсек, ириде коомдук коопсуздук абал, тартип жогорку деңгээлде сакталганына күбөбүз. Кылмыштуулукту алдына алуу тыкыр көзөмөлгө алынган. Заманбап санариптештирүү алкагында видео байкоолор жетиштүү деңгээлде орнотулду. “Коопсуз шаар” долбоору жемишин берип жатканы жашыруун эмес. Учурда кандай гана резонанстуу окуялар орун албасын, Бишкек милициясы кыргыйдай тийгендей эле тездикте чара көрүүдө. Натыйжада, кылмыштуулук кескин түрдө кыскарганы маалым. Мунун өзү жетекчинин талапты катуу коё билгендигинде...

     Аныгында, Азамат Токтоналиев коопсуздук үчүн кара жанын карч уруп, күн-түн дебей милдетин так аткарып, элдин сакчысына айланган кези. Кыргыз милициясынын өсүүсүнө, тазалануусуна опол тоодой салым кошууда. Өздүк курамдын кем-карчын чыңдоо, чарбалык иштерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу да көңүлгө толорлук. Бишкек ШИИББнин мурдагы жетекчилери жасабаган иштер соңку эки жарым жылда бүткөрүлгөнүн ошол эле ИИМдин ардагерлери айтып келишет. Муну тарыхый факт катары кабыл алганыбыз жөндүү. 

     Ток этерине келсек, шаардык милициянын кадыр-баркын Азамат Токтоналиев кадыресе көтөрүп койду. Коомчулук да жогору баа берүүдө. Мындай шартта полковник мырзанын эмгеги адилеттүү каралса, генерал-майор чин-даражасы берилеби? “Темирди кызуусунда сок” демекчи, баардык жакшылыктар өз убагында ыроолонгону эп. Кала берсе, жакынкы келечекте Азамат Токтоналиев ИИМ орун басарлыгына көтөрүлсө да жарашат. Себеби, анын басып өткөн жолу, тажрыйбасы жана элге кылган ак кызматы бааланса, кыргыз милициясы үчүн үлгүлүү көрүнүш эмеспи. Андыктан, татыктуу кадрды таамай талдоодон кечикпешибиз керек.    

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер