Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүм СУЛАЙМАНОВА: “1000 сом жумшаган тасмам 5000 долларга татыды”

Сүйүм СУЛАЙМАНОВА: “1000 сом жумшаган тасмам 5000 долларга татыды”

30-ноябрь, 01:05
822 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Алтын глобустун” алдына чыктык. Абдан кыска убакыттын ичинде ийнеликтей кызыбыз Алматыдан ийгилик жаратып, гран-при утуп, андан соң Голивудга чейин барды...

-- Сүйүм, сөз башынан болсун, сурайын дегеним, “Досум да, душманым да сенсиң” аттуу тасмаңдын тарых-таржымалы?..

-- Казакстандын Алматы шаарында ар жыл сайын “48 саат ичинде тасма тартуу” аттуу кинофестивалы өтөт. Былтыр биринчи жолу катышып, анда 300 тасманын ичинен мыкты делген 48 тасмага кирип, байге буюрган эмес. Быйыл да катышуу жагын ойлоп койгом. Бирок, эмне жөнүндө, качан тартам, билесиз да, кыргыз шашпайт го? Анан эле Алматы шаарынан кат келип калды. “Ушу жумада тасмаңарды апкелгиле” деп. Ары чуркап, бери чуркап, кыска убакыттын ичинде жумушчу топ түзүп, жарым күндө кинонун сценарийин жазып, батыл киришип кеттим. Эң негизги идея – кичинекей бала өзүнүн жакшы көргөн “Тойбос” деген атынын этин жегени. Жөн эле жебей көзүнөн жашын көл дайра кылып, агызып, ыйлап туруп жегени... 

-- Андай баланы кайдан таптың?

-- Кептин баары ошондо болуп атат. Убакыт өтүп атат, андайда билесиз да, жаның бир жерде турбайт. Мени менен кошо достор чуркай баштады. Сураштырып, биздин эле “Ак-Кула” ат майданында улакчылардын атканасы бар, ошо жакка жөнөдүм. А жерден атты, атты жакшы көргөн 4 жаштагы Айдиншерди таптык. Жолдуу экенмин, башкы каарманымды алдап-соолап, бирде момпосуй берип, бирде эт берип, “могу жерден кабагыңды түй, тиги жерден бери басып кел, эми ыйла, мурдуңду аарчы” деп жарым күндө тартып бүттүк. Менин купулума толду.

-- Кино тартканга канча каражат сарпталды?

-- Болгону миң сомдой кетти. Базардан бышкан чучукту, таттууларды алдык. Калган майда-баратка достор жардам кылышты. Атайын деле кымбат баалуу кинокамера эмес, жөнөкөй эле досумдун фотоаппараты менен тарттым. Жарык берүүчү каражаттарды колдонгонум жок. Ижарага реквизит албадым. Мындайча айтканда, колубузда болгон нерселерди колдондук. Сынактын талабына ылайык 48 саат ичинде баары бүттү. 

-- Эми сынактар тууралуу айт?

-- Бизге маалым болгондой, Алматыдагы сынакка КМШ өлкөлөрү ичинен 400дөн ашуун тасма сынакка келип түшүптүр. Биздин эле Кыргызстандан 60га жакын эмгек жиберилиптир. Меники баш байгени (Гран-при) жеңди. Нью-Йоркто “Цифровой академияга” бир жумалык окууга жолдомо беришкен. Окуу учурунда менин тасмамды “Алтын глобус” фестивалына Азия чөлкөмү боюнча катышуу сунушун кылышып, анда да уюштуруучулар тандалган 12 тасманын ичинен менин эмгегимди жогору баалашып, “Азиянын мыкты тасмасы” номинациясына татып, 5000 доллар сыйлыкка ээ болдум. Сынак Американын кино индустрия символу болгон айтылуу Голливуд жайгашкан Лос-Анджелес шаарында болду. 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер