Элмирбек Иманалиев: “Адамдар эстетикалык ырахатты унутушту...”
Кыргыз эли айтылуу төкмө акын, көп кырдуу талант ээси Элмирбек Иманалиевден айрылып калды. Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кете берди. Кыргыз эли оор жоготууга учурады. Төмөндө ар бир сөзү таамай айтылган, мурда “Азия Ньюс” гезитине алган маегибизди сунуштайбыз.
--Саясаттагы чырлар, шайлоодогу шайтан оюндар тууралуу бийликтегилерге нааразылыгыңызды кайрылуу ырларыңыз менен таамай айтып келесиз. Бул кайрылууларды укканда сасык саясат сиздин да санааңызды санга бөлөрүн маалымдагансыйт?..
--Калктан азыр бийликке болгон ишеним кетип, кайдыгерликтин жетер чегине жетип калышкан. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Калкты азыр будамайлап коюу, алдап кетүү дале болсо орун алып келет. Ошол эле партиянын лидерлери «Ийри көшөгө, бучук молдо» дегендей элине жараша бийлиги бар экенин моюндарына алып калышат.
Депутаттарыбыз болсо, бул жолу толук жаңырбаса да кичине жаңырууга бет алды. Анча мынча жаш муундар, мурда кийин саясатта таза жүргөн эл өкүлдөрү менен толукталды. Бирок дагы деле эскичил көз караш менен баягы көнгөн адаттары калбаганы байкалып жатат. Шайланышты, өз мандаттарына ээ болуп отурушту, бирок ушул күнгө чейин эле Жогорку Кеңештеги жаман адат бар. Таппай калгансып болбогон бир чуру-чуунун тегерегинде убакытты ушунчалык уттурушат. Арзыбаган маселеге жабышып алышып, ошонун тегерегинде жүрө беришет. Андан көрө батыл чечимдерди кабыл алышып, алдыга жыла турган сөзгө келишип, иш алып барышса кана? Көп элдерден деле ушундай нерселерди угабыз...
--“Манасты алгалаган Бакай” деп айтылып келет. Азыркы бийликке акыл кошчу аксакалдар көрүнбөгөнсүйт. Кыргыз элинин пайдасына эмес, башка кызыкчылыктарга пайдаланууга ар кандай чечимдер кабыл алынып калат. Мындай учурда баш көтөргөн бир жан жок. Интеллигенция өкүлдөрү да баарына өтө эле кайдыгер сыяктанат?..
--Биз аксакалдардан өксүк болуп жатканыбыздын кайсы бир деңгээлде чындыгы бар. Атасына акыл айткан баладай болбоюн, бирок ошол аксакалдарыбыз кандай доорду басып, кайсы мектептерден өткөнү айдан ачык. Бул кишилер диктатордук, тоталитардык доорду, кремлдин зыңкыйган тартибин көргөн кезеңди басып өтүштү. Эгемен болгондон бери эле Акаевдик, Бакиевдик режимдердин алдында сыйга ээ болгон, ошолордун колунан жем жеп калгандар бар. Кеткен ажолорубуз кадыр-барктуу кишилерге өздөрүн мактатып, аларды керт баштарынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келген. Өз сөзүнөн, пикиринен жанбаган аксакалдар да жок эмес. Бирок андайлар элдин ичинде. Мисалы, Дооронбек Садырбаев үлгүлүү киши эле. Маңдайыбызга жазылган шорубузбу, ушундай инсандардын жоктугу бизди өксүтпөй койбойт.
Андан көрө жаш, жаңы муундан жакшы үн чыгып калып жатат. Мына мен тайманбай айта алам. Дагы да болсо акындарыбыз коркпой-үркпөй болуп аткан нерсени, чындыкты чындыктай, акыйкатты акыйкаттай айтып жатышат. Эми анткен менен телевидениелерибиз, айрым гезиттерибиз өкмөттүн тизгини алдында. Соңку убакта эле “Жаш таңдайлар” деген айтыш өттү. Ушул айтышта туздуу, мурчтуу, элди силкинткен жакшынакай саптар айтылып, зал жарылганча кол чабышкан. Ошол жерлерди, тилекке каршы, кесип салышыптыр...
--Залкарыбыз Чыңгыз Айтматовдун «Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу» деген таамай сөзү бар. Ар бир адамга күн сайын пендечиликтен жогору турууга, ушак, көралбастык, майдачылык ж.б. сапаттардан арылууга кандай кеңеш бересиз?
--Адамдар өзү ар кыл экенбиз. Бир адам бир адамды кайталап жаралбайт да. Биз жашоодон дайым бир нерсе издеп жүрөбүз. Адамдар бакыт издөөчүлөрбүз. Башканы издейбиз. Бирок алардын баарынан кыйгап өтөбүз. Булактын көзүн ачпай кайра жаап өтөбүз. Ушундай жашоого көнүп алыппыз. Ушул дүйнөнүн өзү болуп келген тарых. Адамзат тарыхынан үлгү алышыбыз керек болчу. Бирок үлгү алалбай келебиз. Убакыт ушундай тез өтөт. Өмүр кыска. Баары артыбызда кала берет. Адамдар болсо материалдык кызыкчылыктын артынан чуркашып, эстетикалык ырахатты унутушту. Кээде ойлоном: “Кайда баратабыз? Кандай жашоо болуп жатат?” деп өзүмө суроо узатып калам. Жумуш бүтпөйт. Кара курсакты тойгузмай, эптеп күн өткөрүү. Акча болсо дагы “болсо экен” деген көз тойбостук. Бир карасаң жетиштүү эле жашап жаткандайбыз. Айтматов айткандай күн сайын адам болуу бул заманда адамдарга кыйыныраак сыяктанат. Бирок ошого умтулуш керек. Кыргыздын «Ээн үйдү шайтан ээлейт» деген жакшы сөзү бар. Көкүрөк бош калганда -- жаман иштерге берилүү башталат. Көкүрөк рухий азыкка толуп турса, жаман ишке орун калбайт. Менин жеке практикамда жакшы бир жаңы обонду, кайрыкты уксам, жакшы поэзия саптарын окусам заматта мээме толуп алган таштанды ойлор качып чыгат. Компьютерди чарчаганда өчүрүп күйгүзөбүз го. Анан ал жеңилдеп, лыпылдап иштеп калат. Уккулуктуу музыка, жакшы поэзия адамды күн сайын адам болууга түртөт... Мурза Капаров, Кубатбек Жусубалиев мен бир нече кайталап окуган жазуучулар. Ушуларды окуганда бери жагы бир жума рухий ток адам болуп жүрөм. Дүйнөлүк адабият менен тереңден болбосо да чет жакасы менен тааныштыгым бар. Жазуучулардын ушунусун жактырам, элпек тил менен жетелеп отуруп, жандүйнөңдү аңтарып чыгат. Өзүңдү өзүң карап алганга мүмкүнчүлүк берген жазуучулар болот. Чыгармалар бар...
Жамиля Нурманбетова
“Азия Ньюс” гезити