Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Боюнан түшүп калсын” деп ал мага кол көтөрүп жүрдү

“Боюнан түшүп калсын” деп ал мага кол көтөрүп жүрдү

26-октябрь, 13:13
1 946 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмуштун ачуу-таттуусун көрүп, башыңардан өтсө керек. Сиздердин  жардамыңыздарга муктажмын, жакшы ой пикир айтыңыздарчы? 

Мен күйөөмдүн экинчи аялы болуп турмушка чыккам. Аялынын көзү өтүп кеткен эле, баласы бар болчу. Боорум ачып, келип жалынса турмушка чыгып алгам. Көзүмдү карап жашайт, “кыз болуп тийди”  дейт дегем. Оюм: узак бирге болобуз, апалык кылам деп үмүттөндүм. Бирок, кийин кош бойлуу болдум. Күйөөм “аборт кыл” деди, мен каршы болдум. Алдырбадым, түшүп калсын деп көп кол көтөрүп да жүрдү. Башында катуу сүйгөн экем, көзүм көр болду. Сүйөм, үй-бүлөм деп жүрө бердим. Акыры чыдабай кеттим. Азыр эми 6 айлык боюмда бар, ден соолугум жакшы, шүгүр. Күйөөм кабар албайт, келбейт, бир айылда турабыз. Кандай деп ойлойсуздар, андан кетип туура кылдымбы? Бирок мурдагы жашоомо караганда азыркы жашоом жакшы. Күйөөсү жок жашоо тынч экен. Менин сүйүүдөн жаралган жалгыз балам калды. Баарыңардан суранам, аман-эсен төрөп алайын. Кудайымдан кош алакан көтөрүп тилеп коюнуздарчы?

Нурсия

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер