Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Мамажакыпова: “Башынан “Ыйман Нуру” партиясын тандап, бирок жол бошоттум...”

Чынара Мамажакыпова: “Башынан “Ыйман Нуру” партиясын тандап, бирок жол бошоттум...”

06-декабрь, 17:31
1 499 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, “Ыйман Нуру” партиясы менен чоң жарышта келе жатып, шайлоого саналуу күндөр калганда талапкерлигиңди алып салдың. Азыр өкүнүчтөр болгон жокпу?

-- “Ыйман Нуру” партиясынын колдоочулары, тарапташтары, эң негизи, жүрөгүндө ыйманы бар инсандар колдоп берерин башынан билгем. Эч кандай бийликтики жана оппозиция эмес экенин да түшүнгөм. Ошондуктан түзүлгөндөн баштап командада чын ыкласым менен чогуу болдум. Партияда менде дагы чоң мүмкүнчүлүк бар экенин билгем. Бул шайлоодо мени колдогондор да абдан көп болушту, "артка кайтпа" деп көбү жакшы эле кеңештерин беришти. Бул шайлоо башкача таризде өтүп жаткандан кийин мен урматтаган эжекеме "жол берем" деп сөз бергем. Бул да болсо менин жүрөгүмдүн кенендигинде.

Кайрымдуулук менен алек болуп жүргөнүм бекер эмес. Ачуу чындыкты айтсам, пандемияда акыркы каражатыма чейин элге бергем. Жанымда жүргөндөр ал күндөрдү жакшы билишет. Элге азык-түлүк таратып жүргөн, колумда иштеп жаткан дос балам вирус жуктуруп, ошол бойдон айыкпай, биз менен кош айтышып, о дүйнөгө кеткени өтө өкүнүчтүү!..

"Аярзат" коомдук бирикмеси аркылуу көп адамдар менен аралашып, алардын көйгөйүн чечип берүү менен бирге эл ичинен көп колдоочуларды, күйөрмандарымды тапкам. Мурдагы парламенттик шайлоодо 10 миңге жакын добуш алгам. Өтө турган даражам бар экенин билчүмүн. Бирок мага атамдын "сен мага депутат болдуң" деген сөзү эле жетиштүү болду.

Депутат болуп отурганда кандай пайдамды тийгизем? Кандай кылганда элге көбүрөөк жардам кыла алам?” деп көп ойлондум. “Андан көрө инвестиция, жумуш орундарын түзүү менен элиме жакшы иштерди жаратайын, кызмат кылайын” деген ой болду. Менин максатым бир саясый авторитет болуп отуруу эмес. Тарыхта кала турган жакшы иштерди жасасам деген оюм бар. Муну күйөрмандарым түшүнө албай, соцтармактардан: “Эмнеге кетип калдыңыз? Сиз үчүн ыйлагым келип жатат, сиз өтөт элеңиз" деген кайрылуулар көп болууда. Мен эч качан өкүнбөйм. Бул менин каалоом болду. Мен депутат болгон күндө деле ушул жумушту суранмакмын. Ушул жумушту тандап кетмекмин. Партиядан да добуш бөлүштү кылбай, партиялаштарыма чоң ийгилик кааладым. 

Башынан "Ыйман Нуру" партиясын тандагам. Алар менен бирге көп тажрыйба топтодум. Бүгүн алар үчүн чын жүрөктөн кубанычтамын. Жеңиштери менен баардыгын куттуктаймАлардын депутат болгону – менин депутат болгонум. Биргелешип эл үчүн көп иштерди аткарабыз!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер