Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Осмоналиев: “Ысык-Көл туристтер үчүн жабылбайт”

Акылбек Осмоналиев: “Ысык-Көл туристтер үчүн жабылбайт”

24-июль, 12:57
481 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен маек.

Илдетке байланыштуу туристтердин Ысык-Көлдө эс алуусуна бөгөт коюу сунуштары айтылып жатат. Бирок, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев аймак жабылбай турганын билдирди. 

-- Ысык-Көлдө туристтик сезон кандай өтүп жатат? Айрымдар облуска эс алуучуларды киргизбөөнү сунуштап жатышты эле... 

-- Ысык-Көл облусундагы штабдын курамында медицина кызматкерлери да бар. Вирусологдордун айтымында, облусту жапкандан абал өзгөрбөйт. Анткени, аймакты карантинге жаап, кийин кайра ачканда оору мындан да жайылып кетүү коркунучу бар экен. Ошондуктан, азыркы учурда жарандардын, туристтердин жоопкерчилиги маанилүү болуп турат. Сөзсүз түрдө саламаттык сактоо министрлиги менен маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуштаган он эки эреже так сакталышы абзел. Алар: аралыкты сактоо, пансионаттар эс алуучулардын дене-табын текшерип анан кабыл алуу, тамак-аш ичүүчү жайларда бир столго бирден, ашып кетсе экиден гана адам жайгаштыруу. Маселен, эпидемия башталгандан бери Ысык-Көлгө сырттан келгендердин арасынан илдетке чалдыккан сегиз адам аныкталган, калган төрт жүздөн ашык учур региондун ичинде катталган. 

-- Сиздердеги божомол боюнча быйыл туристтердин саны канчага аз болушу ыктымал?

-- Өзүңүздөр билгендей, көлгө жергиликтүү туристтер көп келет. Статистика боюнча эс алуучулардын сексен беш пайызы  Кыргызстандын аймактарынан, айрыкча Бишкектен болот. Калган он беш пайызды чет өлкөлүктөр түзөт. Бирок, чет элдиктер эс алган жеринде көп каражат калтыра турган кардар болуп эсептелет. Учурдагы кырдаалга байланыштуу көпчүлүгү көлгө келип эс алуудан карманып жатышат. Иштеп жаткан пансионаттардын толумдуулугу 30-40 пайыздын тегерегинде болууда. 

-- Аймак оорунун мындан да жайылып кетишине даярбы? Медицина кызматкерлеринин жетишсиздигин кантип чечип жатасыздар?  

-- Медицина кызматкерлери жетишпейт, бирок, медиктер бир эле Ысык-Көлдө эмес, бүтүндөй Кыргызстанда тартыш болуп жатат. Облус боюнча жалпы врачтардын саны жети жүз отуз төрт, ал эми медайым, медагалар эки миң бир жүз тогузду түзөт. Тилекке каршы, эки дарыгерибизден айрылып калдык... Саламаттык сактоо министрлигинен сырттан келген дарыгерлерден бизге да бөлүп берүүнү суранганбыз. Бүгүнкү күндө күндүзгү стационарларда 1731 койка даярдалды, кайрылгандардын саны 2455 адам болду. Капельница, укол алгандар 2224, ал эми кеңеш сурап 231 киши келген. Региондо оор абалдагы бейтаптарды кабыл алуучу 1086 орун камдалган. Азыркы учурда 945 жаран дарыланып жатат. 539 концентратор, 40 ИВЛ аппарат жана ар бир ооруканага суюк кычкылтек тутумдарын койдуруп жатабыз. Кечээ Ак-Сууга орнотуп бүтүштү, ИВЛден алда канча эффективдүү жана аны менен бир эле маалда 76 адамга жардам берсе болот экен. 

-- Социалдык тармактарда ооруканалардын кейиштүү абалы чагылдырылган сүрөттөр тарады, чынында эле Ысык-Көлдө ушундай абалдагы имараттар барбы?

-- Айрым биздин жарандар жамандык эле издеп жүрүшөт экен. Сүрөттөгү кургак учук менен ооругандардын диспансеринин эски имараты. Ордуна жаңы оорукана салынып,  сүрөттөгү имарат эбак эле колдонуудан чыккан.  Бирок, ал жакта 1967-жылдагы эски аппарат бар, бүгүнкү күнү аны ордунан козгобой, эски болсо да колдонууга мүмкүн. Дарыгерлердин айтымында, керектүү жабдыктар жетишпей жаткан учурда, кырдаалдан чыгуу максатында аталган рентген-томографиялык аспапты  пайдаланып башташкан.  

-- Сиздин пандемия учурунда кымбат баалуу унаа сатып алганыңыз айтылып жатат, бул чынбы? 

-- Ал автоунаа 2018-жылы Ысык-Көлгө Бишкектен, башка облустагы долбоорлордун эсебинен, мен кызматка дайындалгандан кийин келген. Кызматтык унаага “Ысык-Көл фондусунан” акча сарпталган эмес. Унаа облуста калат, элге кызмат кылат. Экинчи машина болсо ЮНИДО долбооруна тийешелүү. Долбоор бүткөндө аны да бул жакка алып калышыбыз керек. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер