Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Контрабандалык дары-дармектер коркунуч жаратууда”

Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Контрабандалык дары-дармектер коркунуч жаратууда”

24-май, 19:30
586 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлшаркан Оконовна, аптекаларда кээ бир дарылар көзөмөлсүз сатылып жаткандыгы тууралуу өтө көйгөйлүү маселе көтөрдүңүз. Ал кайсы дары?

-- Сөз тропикамид деген дары жөнүндө болуп атат. Бул өзү көзгө тамчылатчу, врачтын рецеби аркылуу гана бирилчү дары экен. Бирок, анын курамында башты эңги-деңги кылып айландырчу заттар бар болсо керек. “Ошону өспүрүм балдар сатып алышып, көзгө эмес эле мурдуларына тамчылатышат. Бир-эки жолу колдонгондон кийин ага көз карандылык пайда болуп калат” дешет. Ошондуктан, ал дарыны аптекаларда рецеби жок сатканды токтотуу зарыл. Экинчи маселе, ал дарылар контрабандалык жол менен да келет экен. Демек, ал аптекалардан сырткары, башка жактарда да сатылышы мүмкүн. Андыктан, бул маселеге эртерээк көңүл бурбасак болбойт. Коркунуч жаратууда. 

-- Азыр антибиотиктердин көзөмөлү жок сатылып жатканы да чоң көйгөй жаратууда. Кандай дейсиз, аптекалык бизнес жагына өзгөчө көзөмөл керек окшойт?

-- Албетте, керек. Биз дарылардын базарларда ээн-эркин сатылып жатканы боюнча канча жолу маселе көтөрдүк. Саламаттык сактоо министрлигиндегилер “дары бизге келгенде департамент аркылуу текшерүүдөн, каттоодон өтүп, биз уруксат бергенден кийин аптекаларда сатылат. Бирок, контрабандалык жол менен келгендерди биз көзөмөлдөй албайбыз, аны укук коргоо органдары көзөмөлдөөгө тийиш” дешет. Ошондуктан, дары-дармек маселесине өзгөчө көңүл буруп, катуу көзөмөлдөө зарыл. Акча, бизнес деп жүрүп эмнеге гана келбедик... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер