Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиевге чабуул жасоо – адилетсиз!

Камчыбек Ташиевге чабуул жасоо – адилетсиз!

12-март, 21:16
902 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Туура жолдо баратканыңды касташкан адамдардын пайда болгонунан бил” дегендей, Камчыбек Ташиевди каралоо аракеттери жүз берди. Соцтармактарда аты-жөнү жазылбаган, ким экени билинбеген “тоголок адамдардын” “тоголок каты” жарыяланып, Ташиевдин УКМКда аткарган иштери жалпы жамааттын нааразычылыгын жаратып жатканы белгиленген. Ошондуктан, аты-жөнү жок немелер президент Садыр Жапаровдон УКМКнын төрагасын алмаштырып берүүнү суранышкан. Бул маалымат жарыяланары менен баары эле фейк маалымат экенин билди. Анткен менен “кулак укса – курсак кайнайт” дегендей, Ташиев тууралуу айтылгандардын канчалык чындыгы бардыгын териштирип жибергендер да табылды. 

Фейк маалыматтын жаралышы көпчүлүк үчүн күтүлбөстүк болгон жок. Анткени, ажыдаар менен алышкан баатыр жети башты кыюуга мажбур болот эмеспи. Бир башты кыйса, экинчи башы каршылык көрсөтөт, аны кыйса үчүнчү баш турат... Бул эрежени бала чактан эле жомоктон окуп-билип алганбыз. Коррупция да жети баштуу ажыдаар катары, чабылган балта тамырын омкормоюнча, жанталашып каршылык көрсөтөт. Ташиев УКМКнын башчылыгына келгенде эле коррупционерлердин бирин калтырбай жазага тартып, ушул убакка чейин мамлекеттен уурдагандарын кайтарарын убадалаган. Бул мамлекеттин мүлкүн өзүмдүк кылып алгандардын түн уйкусун бузганы чын. Ошондон баштап Ташиевдин тымызын каршылаштары көбөйүп, ар кайсы жагынан жаманатты кылууга аракеттер көрүлө баштаган. 

Кыргызстанда коррупцияга күрөш жарыяланганына көп жыл болду. Бирок анын баары оозеки же кагаз түрүндө калып, ишке ашырууга эч ким батынган эмес. Анын да жөнү бардыгын азыркы Ташиевге каршы чабуулдардан улам баамдоого болот. Эч ким коррупционерлердин уюгун козгоп, каралоонун бутасында калууну каалаган эмес тура. А Ташиев чочулаган жок, күрөш оор болорун, миңдеген тоскоолдук жолун тороорун билип туруп, эл байлыгын уурдагандарды жазага тартууну баштады. Алгачкылары алгандарын аз да болсо кайтарышты, а кезекте дагы жүздөгөн коррупционерлер турат.

Ал эми эл байлыгын басып алгандар тынч жашоосун бузганы үчүн Ташиевди кечиришпейт. Кандай жол менен болбосун аны кызматтан кетирүүгө аракеттенишет. Акча бар жерде бийлик бар дегендей, акчалуулардын айтканын илгертпей жасаган, сөз жүзүндө эл тараптык болумуш болуп, иш жүзүндө элге каршы иш жасап, ырыскысын уурдагандарга жан тарткандар, тилекке каршы, арабызда көп. Мына ушундайлардын колу менен уурулар максатын ишке ашырууга чамынып турушат. 

Бирок, чындык дайыма акыйкаттык тарапта болору анык. Ал канча убакыттан кийин келет? Кандай кыйынчылыктар менен орнойт? Анткен менен “ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөз бар. Акыйкатсыздыктын курмандыгына айлангандар муну жакшы түшүнсө керек. Карапайым эл Камчыбек Ташиевдин алган багытын колдоп жатканынын өзү чоң жеңиш. Артында эл турганда, айрым эл бузарлардын кара ниеттиги суу кечпейт. Кыргызстан 30 жылдан бери ички душмандары тарабынан таланып, желип келгени белгилүү. Аны калыбына келтирүүгө, келечек муундарга өнүккөн, бүтүн өлкөнү калтырууга Ташиевдей адам керек эле. Ошондуктан, кыргыз эли мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн уулун карөзгөйлөрдөн калкалап алат деп ишенебиз!


Бекбол Айдаров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер