Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда кант диабетин аныктоо боюнча акция өтүүдө

Кыргызстанда кант диабетин аныктоо боюнча акция өтүүдө

14-ноябрь, 17:06
209 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

14-ноябрда бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнө карата дартты аныктоо боюнча жер-жерлерде атайын акциялар өтүүдө.

Борбор калаадагы "Бишкек Парк" соода борборунда "Кандагы кантыңды билип ал!" деген акция башталды. Каалоочулар 14-15-ноябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин канындагы глюкозанын деңгээлин бекер текшертип кетсе болот. Ушундай эле акция өлкөнүн башка шаарларында дагы өтүп жатат.

Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 74 миң 810 адам расмий каттоодо турат.

Буга чейин саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстанда кант диабетинин тигил же бул түрүнө чалдыккандар 240 миң адамдын тегерегинде экенин айткан. Дарыгерлердин айтымында, бул ооруга кыймылсыз жашоо, ашыкча салмак себеп болуп жатат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер