Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Усупбаев: “Тубаса оорулардын эң биринчи себебин инфекциянын көбөйүшүнөн көрөм”

Акылбек Усупбаев: “Тубаса оорулардын эң биринчи себебин инфекциянын көбөйүшүнөн көрөм”

15-март, 10:48
929 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Медицина илиминин доктору, Кыргызстандын башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев агабызды кепке тартып, гей-парад, демократия, жыныстык операция тууралуу соболдорду узатып, жообун алдык. 

-- Акылбек ага, гей-парад боюнча алгач оюңузду уксак дедим эле?.. 

-- Гей-парад жана музейдеги болгон көргөзмөнү биздин кыргыздын каада-салтына ылайык келбеген тескери көрүнүш катары баалайм. Кыргызда аялга кылган мамилебиз өтө жогору. Ата-бабалар илгертен бери “бейиш – эненин таман алдында”, же “кыздын кырк чачы улуу” деп бекеринен айтып келбеген. Мындай сөздөрдү кыргыздан башка эл оозуна албайт. Кыз балага аздек мамиле кылып, турмушка чыккыча ата-эненин үйүндө конок катары баалап, кызды кыздай, эркекти эркектей тарбиялаган. Кечээги чыккан гей-парадды, эмне үчүн 8-мартты андай кылышты (?) түшүнбөй атам. Бул демократиянын үлгүлөрү болсо керек. 

-- “Демократия” деп кеттиңиз...

-- Демократия – анархиянын бир түрү. “Демократия” деп коюп биз көптөгөн жакшы нерселерибизден ажырап жатабыз. Чынында аял киши көчөгө плакат көтөрүп чыкканы туура эмес, уят иш. Анысы аз келгенсип, биздин саясатчылар аял кишилерди колдонуп атканы андан да туура эмес иш. Илгери “ОБОН” дешип (Отряд Баб Особого Назначения), биздин апаларыбыз, эжелерибиз ажылдап чыгып, ызы-чуу кылышкан. Мен ушундай нерселерге түк кошулбайм. 

-- А калпак кийип алып аялдарды кууган эркектерчи?

-- Бул да туура эмес. Башына ак калпак кийген кыргыз көчөдөн аял кишини кордоп, ары-бери сүйрөп, сабабайт. Качан эле биздин ата-бабаларыбыз ушундайга барды эле? Мүмкүн башка күчтөр кошумчалап, “артык кылабыз деп тыртык кылып” атса керек... 

-- Акылбек ага, бир кездерде жыныстарын алмаштыруу боюнча операция кылчу элеңиз...

-- Мунун да себептери болгон. Анткени биздин Конституцияда “ар бир адам жынысын алмаштыруу укугуна ээ” деп турат. Бул – биринчиден. Экинчиден, гермафродит деп коёт, эркектин да, аялдын да жынысы бар төрөлгөн адамдар болот. Булар же аялга кошула албай, же эркектерге кошула албай, эки ортодо кыйналган, жаратылыштын жаңылыштыгына кабылгандар. Кариотип – аял же эркек түргө мүнөздүү болгон хромосомдордун жыйындысынын белгилери бар адамдар болот. Ушундай учурда генетикалык жактан эркек жынысы, же аял жынысы көбүрөөк болгон жагын аныктап, андайларга жыныстык жактан жардам берип, оңдоп-түзөп тууралаш керек. Адам катары психологиялык жактан жабыркоодон ажырайт, коомго камыр-жумур аралашат. Биз билебиз, өз убагында чара көрүлбөгөндүктөн көпчүлүк адамдар суицидге барып, өз өмүрүн кыйышкан. Коомчулукта мындай адамдар жок эмес, бар. Ошол гермафродиттерди оңдоого көңүлүм түз. Анан “трансексуал” дегендер бар. Мындайча айтканда, эркек болуп төрөлүп кыз болгусу, кыз болуп төрөлүп эркек болгусу келгендер. Аларга операция жасабай калгам. Бул адамдарга психологиялык жактан гана жардам тийешелүү. 

-- Тубаса оору дейбизби, же мындай жаратылыштын жаңылыштыктары кайдан чыгып атат? Ушул боюнча да айта кетиңиз?

-- Тубаса оорулардын эң биринчи себебин инфекциянын көбөйүшүнөн көрөм. Мындай карап көрсөң, бир дагы соо адам жок. Дарыны нандан көп жейбиз. Сапаттуу дарылар колго тийбей, Бишкектин жертөлөлөрүндө жасалгандарды билбей колдонуп атышкандар жок эмес. Анткени алардан эффект болбойт. Инфекциянын көбөйүшүнө өз алдынча дарылангандар кошул-ташыл шарт түзүп атат. Экинчи себеби, тамак-аштан көз каранды. Экологиялык жактан таза, табигый азыктар менен азыктанбай калдык. Гормондор менен семиртилген малдын этин жеп атабыз. Басымдуу бөлүгү сырттан күмөндүү келген сырты жалтырак, ичи калтырак жашылча-жемиштерде химикаттар арбын. 

-- Анда эмне кылабыз?

-- Кыргызстандагы чарбакерлерге, фермерлерге, дыйкандарга “таза азыкты өндүргүлө. Кыргызстандын аймагында гана саткыла, башка өлкөгө жибербегиле” деп айтышыбыз керек. Ошол продукцияларды өзүбүз эле сатып алышыбыз абзел. Ал эми бийликтегилерге “кендерди иштетүүдө Кыргызстандын жаратылышына терс таасирин тийгизе турган жагдайга жол бербегиле” дейт элем.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер