Акыркы кабарлар
» Коом » Бир үй-бүлөлүк дарыгерге 3600 адам туура келет
Бир үй-бүлөлүк дарыгерге 3600 адам туура келет
29-ноябрь, 00:25

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда, өзгөчө айыл жергесинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги байкалат. Биринчиден, медициналык-санитардык жардам системи үй-бүлөлүк дарыгерлер менен толук камсыздалган эмес. Мындан улам өлкөдө иштеп жаткан 1700 үй-бүлөлүк дарыгердин 80 пайызга чукулу пенсия курагында же пенсияга чыгуу алдында тургандар. Орточо эсеп менен алганда республика боюнча бир үй-бүлөлүк дарыгерге 3600 адам туура келет. Саламаттык сактоо министрлигинин нормативине ылайык, бир дарыгерге 1500-1700 адам туура келиши керек.
"Азия Ньюс" гезити