“Бейөкмөт уюмдары болбосо, элибиз караңгылыкта жашап калмак”

-- Барган сайын бейөкмөт уюмдар күчүн жогото берсе, адам укуктарынын абалы кантет? Сырттан келчү грант, колдоолор токтобойбу?
Акан Иманов:
-- Чынында бейөкмөт уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрү менен Кыргызстан демократиялык аралча аталганы факты. Алар өлкөбүздө жарандык коомдун түптөлүшүнө кайсы бир деңгээлде салым кошушту. Адам укугу, сөз эркиндиги, эркин ой жүгүртүү, гендердик теңчилик – бул багыттар бейөкмөт уюмдарысыз ара жолдо калып, элибиз караңгылыкта жашап калмак. Ошондуктан аларды куугунтуктай тургандай мыйзам жазылбашы керек. Себеби биз бүгүнкү күндө жетишкен демократиялык элементтерибиз ара жолдо кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн токтобошу зарыл. Эми учурда мыйзам сунушталып атканын көрүп атабыз, бирок “финансы жагын көзөмөлдөйбүз” дегендей маселе көтөрүп атышат депутаттар. Ал жагын иретке келтирген жакшы, бирок куугунтуктап же жабуу аракетин көздөө жакшылыкка алып келбейт. Сырттан келчү грант мыйзамдын жазылышынан көз каранды го. Андай гранттар сөз эркиндиги же адам укугу, билим берүү, саламаттык сактоо же технология багытына жумшала турган болсо, колдоо керек деп ойлойм. Ал эми элибизге терс маанайды тартуулай турган салтта жок нерселерди таңуулоого каршы турушубуз абзел.
Уран Рыскулов:
-- Бейөкмөт уюмдардын күчүн жоготор-жоготпосун биздин бийликтегилер чечпейт. Аны бейөкмөт уюмдарын сырттан каржылаган кожоюндары чечет. Бүгүн алар Кыргызстанда адам укугунун корголушун же бейөкмөт уюмдарынын күчтүү болушун калашпайт. Алар 2010-жылга чейин өз иштерин күчтүү бейөкмөт уюмдар менен кылып келишкен. Бүгүн андай уюмдарга муктаж эмес. Анткени, алар деле топторго айланышып, Кыргызстанда күчтөнүп алышкан. Ошондой эле Кыргызстанга мыйзам менен корголгон адам укугунун дагы кереги жок. Адам укугу 2010-жылга чейин баштарын батырып алыш үчүн керек болгон.
Качкын Булатов:
-- Мен 2000-жылдан бери бейөкмөт уюмунда жүргөн адаммын. Ал кезде партиялар бутуна тура элек, кадыр-барктары кеткен, саясатчылар элди уюштура албай жүргөн учур болчу. Ошол мезгилде бейөкмөт уюмдар партияларды колдоп, оппозицияга дем берип, сөз эркиндиги, пикет, митинг, эркин чогулуш деген терминдерди киргизип, жакырлардын, аялдардын укугун коргоп, жерлердин туура берилишин, алынышына чейин киришип турушкан. Башкасын кой, документтерди туура толтурганды да бейөкмөт уюмдары көптөргө үйрөтүп, мамлекетке чоң жөлөк болгон. Азыр оозуна ээ боло албаган айрым депутаттар бейөкмөт уюмдарына өчөшүп, эмгегибизди жокко чыгарып жатышат. Демократия деген өзү күрөш. Аны сактап калуу үчүн сөзсүз күрөшөсүң. Антпесең сөз эркиндиги, митинг, пикеттин баары жоголот да. Биз эркин коомду чектегенден мурун авторитаризм өкүм сүргөн мамлекеттерде эмне болуп жатканынына көз салышыбыз керек. Мисалы, Назарбаевдин, Рахмондун, Түркмөнбашчынын кадыр-баркы жок. Ливия, Сирия дагы демократиянын жоктугунан оор абалга кептелишти. Чынында бейөкмөт уюмунун мааниси чоң. Мамлекетке жөлөк боло турган уюм. Бир жактуу каралап, чектөөнүн кажети жок. Андан көрө партияларды иргеш керек. Себеби, аларга жүзү кара уурулар жана кошоматчылар кирип алышып, акча менен элди алдашып, беттери кызарбай парламентте отурушат. Партияга арты таза эмес адамдар толуп алган үчүн өнүкпөй жатышат. Бейөкмөт уюмдар болсо, “парламентке акылы тунук, таза, билимдүүлөр келсин” деген маселени көтөргөнү үчүн депутаттарга жакпай жатат. Алардын канатын кырксак эле, Кыргызстан өнүгүп кетпейт.