Балбак Түлөбаев: "Жол кире акысын акырындап 15 сом кылып берели"
Бүгүн, 18-январда Бишкекте айрым маршруттук таксилердин айдоочулары линияга чыкпай жатканы маалым болду. Ал эми шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул боюнча базар кыдырып, эл менен жолугушууда төмөнкүлөрдү билдирди.
“Бүгүн маршруттук таксилердин айдоочулары 7 жылдан бери тарифтери көтөрүлбөй жумушка чыкпай жатышат. Биз алардын тарифин көтөрүп берүүгө даярбыз, бирок алар “бүгүн көтөрүп бергиле” деп атышат. Андай болбойт да. Мыйзам деген бар. Бүгүн тарифти 2-3 сомго көтөрө турган болсок, экономика министрлигине кат жазып кайрылуу керек. Анан алар бизге 2 сомго, 3 сомго бааны көтөрсөк кандай болорун жазып берет. Андан соң биз аны шаардык кеңешке киргизебиз. Апрелге чейин жетишсек, шаардык кеңешке киргизип беребиз. Жетишпесек, май айында элге кыйын болбогондой кылып, анан акырындап жылдын аягына чейин 15 сом кылып берели. Элди дагы түшүнүшсүн, биз дагы түшүнүп жатабыз” деди Балбак Түлөбаев.