Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубан Самудинов: “Балыкчыда таза суу маселеси толугу менен чечилгени калды”

Кубан Самудинов: “Балыкчыда таза суу маселеси толугу менен чечилгени калды”

22-май, 21:47
1 868 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балыкчыны таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында иштер башталды окшойт...

-- Балыкчы шаарында Европа өнүктүрүү банкынын “Таза суу түзүмдөрүн жакшыртуу” долбоору муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” ишканасы жана тендерден утуп алган “Технотоп” ЖЧКсы тарабынан иш жүзүнө аша баштады. 17-майда Зарылбек Шарипов көчөсүнүн дамба тараптагы бүткөн жеринде иш башталды. Балыкчы шаардык “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык ишканасы 1959-жылдан бери шаарыбызга өз кызматын көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө ишканада 100гө жакын адам эмгектенүүдө. Алар шаардын 84 пайыз тургундарын таза суу менен камсыз кылып, саркынды суунун 34 пайызын тейлешет.

Биздин негизги максатыбыз – Балыкчы шаарынын түндүк тарабында жайгашкан “Дамба” районундагы миңден ашуун жашоочуларды суу менен камсыз кылуу, ошондой эле шаар ичиндеги эскилиги жеткен ар кандай диаметрдеги түтүктөрдү алмаштыруу жана насостук бекеттерди, тереңден суу соруучу скважиналарды жаңыртуу болуп саналат. Ошондой эле энергоэффективдүү насосторду орнотуу сыяктуу маселелерди чечүүнүн үстүндө иштейбиз. Ушул жана башка башталган иштерди ийгиликтүү аягына чыгарууга баардык күч аракеттерди жумшайбыз.

-- Бул ири иштерден сырткары дагы кандай пландарыңыздар бар?

-- Буга кошумча келерки жылда Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Кыдык Калдыбаев көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин канализация түзүмдөрүн куруу пландалып жатат. Ал долбоорду ишке ашырууга Европа өнүктүктүрүү жана реконструкция банкы тарабынан насыя түрүндө 1,2 миллион доллар каралып, Евробиримдигинен 3,2 миллион евро гранттык түрдө каржыланууда. Бул долбоорго 2017-жылы КР премьер-министри тарабынан Никосия шаарында кол коюлуп, 2018-жылы күчүнө кирген. Азыркы тапта бул долбоордун алкагында эксплуатациялоо үчүн атайын жаңы техникалар алынып, Балыкчы шаарынын таза суу түзүмдөрүн жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн жалпы 8 миң абонентке суу эсептөөчү жабдууларды орнотуу планга кирген. 

-- Аталган райондун жашоочулары учурда кайсы суудан пайдаланып келишет?

-- “Дамба” районунун жашоочуларынын таза суу маселеси көп жылдан бери чечилбей келген. Балыкчы шаарынын жашоочуларына пайдаланууга берилген суу түтүктөрүнө 60 жылдан ашыптыр. “Суу түтүкчөлөр” ишканасынын кызматкерлеринин күнүмдүк жумушунун көбүнчөсү суу түзүмдөрүндө жаралган авариялык абалдарды калыбына келтирүүгө кетет. Андыктан, долбоор алкагында   эскилиги жеткен 8 миң метр суу түтүктөрү жаңысына алмаштырылып, көп убакыттан бери таза суу талабы аткарылбай келген “Дамба” районуна 7 миң метр таза суу түтүгү орнотулуп, аталган райондогу 160 м/куб суу бере турган үчүнчү суу бөлүштүрүүчү насостук бекет курулат. Мындан тышкары, өрт коопсуздугунун алдын алуу үчүн 50 даана өрт өчүрүүчү гидрант орнотулуп, 80 даана ар кандай диаметрдеги суу жапкычтар коюлуп, 40 даана таза суу кудуктары курулат. Ошондой эле ишкананын башкы суу чордону, 17 даана артезиандык скважиналар жана насостук бекеттер толук капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. 

“Дамба” районунун жашоочулары ушул убакытка чейин Калмак-Ашуудан агып келген суу менен пайдаланышат. Жаан жааганда ылайланган суу келип, элге ыңгайсыздык жаратып, бир катар нааразычылыктар болуп турган. Эл көйгөйүнө тийиштүү көңүл бурулуп, буюрса ушул жылдын октябрь айына чейин таза суу маселеси чечилүү алдында турат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер