Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийлик 12-кичирайондогу мектепке көңүл бурабы?

Бийлик 12-кичирайондогу мектепке көңүл бурабы?

17-май, 22:22
534 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул сүрөттүн чоо-жайына келсек, Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы №71 жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын бүтпөй калган корпусу. Убагында Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда башталып, андан кийин Сооронбай Жээнбеков келгенде улантылбай калган. Он жылга жакын аралыктан бери курулушу токтоп турат. Буга чейин ата-энелер бир канча ирет мэрияга кайрылып келишсе да эч кандай натыйжа көрүлгөн эмес. Мектеп элинин саны көп 12-кичирайондо жайгашкан, дээрлик жашоочулар балдарын башка райондорго ташып окутууга аргасыз болушууда. Себеби, аталган мектепте класстар чектелүү, тийешелүү деңгээлде окуучуларды кабыл алууга жетише албайт. Мындай шарттан улам, ата-энелер жогорку бийлик жетекчилигине бул көйгөйдү жеткизип коюуну суранышты. Береги сүрөттөгү корпустун курулушу көзөмөлгө алынып, жигердүү тапшырмалар берилеби? Ириде билим берүүгө шарт түзүлүп, кам көрүлсө, мамлекеттин эртеңи үчүн пайдалуу эмеспи. Аталган маселе тез арада чечилерине үмүт арта туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер