Ташболот Балтабаев, экс-депутат: “Бийликти кекиртектен албай туралы...”
-- Ташболот мырза, эмнеге чек ара маселесин чечүү кечеңдеп жатат? Дегеле чек ара маселесин чечүү үчүн эмне кылышыбыз керек?
-- Чек ара маселеси жалпы жонунан алганда, эч качан бир тараптын талабы менен бир жактуу чечилбейт. Чечилиши мүмкүн да эмес. Ошондуктан, биринчиден, чек ара маселесин чечүү жараянында көп эле социалдык түйүндөрдө, массалык маалымат каражаттарында ушул маселени көтөрүп, кээде так эмес маалыматтарды кошуп, элдин бүйүрүн кызыткан туура эмес. Эгер чек ара маселеси создугуп, чечилбей жатса, аны трагедия кылбашыбыз керек. Эң негизгиси, мамлекеттик өз ара мамилени жана эки элдин арасындагы катышты жакшыртуу жолу менен жакшы климат түзүү шарт. Бирин-бири боктоп, ушактап, өрттөп, өлтүрүү жолу менен чек ара маселесин чечүү мүмкүн эмес.
Мурунку жана азыркы бийликти көп эле жолу сындап келе жатабыз. Мен элге да, массалык маалымат каражаттарына да кайрылат элем. Муну көп козута бербеш керек. Чек ара маселеси кандайдыр бир компромисстик жолдор менен чечилиши маанилүү. Жогоруда айткандай, кыргыз-тажик мамлекеттик карым-катнашты жакшыртып, кыргыз да эч жакка качып кетпесин, тажик да эч жакка кетпесин түшүндүрүп, Кудай берген кошуна болгондон кийин чыдап, тынчтык жол менен чечүүгө аракет кылганыбыз оң.
Эң башкысы, бул маселени басым көрсөтүү, күч көрсөтүү менен чече албайбыз. Тарыхтын тажрыйбасын эске алсак, баардык маселе сүйлөшүү жана өз ара компромисстик жолдор менен чечилет. Бийликтен “чечилгени калдыбы?” деп сурап турса болот. Бирок, “эмнеге чечпей жатасыңар?” деп кекиртектеген алуу, менимче, туура эмес болуп калат.
"Азия Ньюс" гезити