“Гүленчи” Кубан Мамбеталиев жана күйөө баласы, депутаттардын изи...
2016-жылы Түркияда төңкөрүш аракеттери болуп, аны Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” деп аталган уюму уюштурганы ачыкка чыгып, жүз миңдеген хизметчилер суракка алынып, 40 миңден ашык киши камалган. Алардын арасында “Сапат” (мурдагы “Себат”) билими берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды да бар.
“Себат” Кыргызстанда 30 жылдай убакыттан бери иштеп, бул мекеменин 30 миңге жакын бүтүрүүчүсүн эске алалы. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өз ишин жүргүзгөн бул билим берүү мекемесинин өзгөчө окуу программасынан тышкары, “ички саясаты” бар экени да ырас. Хизметчилердин өзүнчө ынтымагы бар. Аларды “өмүр бою хизметке байланган” деп да айтып жүрүшөт. Кыргызстандагы хизметчилердин арасынан Дүйшөнбек Зилалиев сыяктуу жогорку бийликке жетип, “Коррупция” беренеси менен камалгандар да бар. Хизметчилер Кыргызстандын жогорку бийлигинен тартып, ишкерлер чөйрөсү, укук коргоо органдары, парламентке чейин аралашып, жойлоп кеткенин танууга болбойт. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Түркиядан окуп келген, анын хизметчилер менен байланышы жок экендигине эч ким кепилдик бере албайт. Анын кайнатасы журналист, илимпоз, элчи Кубан Мамбеталиев “Фетхуллах Гүлен” деген китептин автору, Кыргызстанда Гюлендин идеяларын жайылтуучулардын бири. Бекер иштебесе керек... Эми бул бери жактагы эле оркоюп көрүнүп турган фактылар.
Түркиянын Улуу улуттук межлисинин төрагасы Мустафа Шентин “Феточулардан сак болуңуздар” деп айтып коюу туугандык милдетибиз” деп парламенттеги жолугушууда айткан. Андан кийин кыргыз-түрк “Манас” университетинде “Фетхуллах Гүлендин террордук уюму “Мамлекет ичиндеги мамлекет” деген темада конференция өтүп, Түркиянын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган Кыргызстанда “Сапат”, ERA EDICATION билим берүү мекемелери, “Элим барсыңбы?”, “Адеп башаты”, “Ыйык Ата Журт” фонддору, “Дил азык” басмасы, “Марал” FM радиосу, “Ататүрк Ала-Тоо” университети, “Жаш ишкерлер” (ЖИА) ассоциациасы “гюленчил” уюмдарга кирерин эскертти.
“Чын чычалайт” демекчи, хизметчилердин башын бириктирген ЖИА элчинин сөзүнө теригишип, расмий түрдө жооп берип, “элчи Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат” деп баалады. Ошол эле ЖИАнын өкүлдөрү Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер болуп дайындалганда “премьерге бир кадам калдык” деп таң атканча майрамдашкандарын унутуп калышкан окшойт, бул алардын жаатчыл, жамаатчыл аракеттеринин кашкайган далили эмеспи. Ал эми мурдуна бок сүйкөсө билбеген тышкы иштер министрлиги үрпөңдөп, өзүнчө териштирүү баштап, эскертүүнү эске алуунун ордуна Түркияны жаман көзү менен карап турган кербези.
Атайын кызматтар бул инцидентке өздөрү көз салып тургандыр. Биздин божомолубузда, Кыргызстанда азыр толук кандуу иштеген партия деле жок. Баардыгы кагаз бетинде бар, иш жүргүзгөнү жок. Ал эми аттары аталган хизметчил уюмдар жигердүү иштеп жатышат. Түркиянын расмий өкүлдөрү атайын айтып жаткан эскертүүлөрү бекеринен эмес, алар атайын кызматтарынын маалыматтарына таянып айтып жаткан болуу керек. Сыягы, бу хизметчилер Кыргызстанда чоң саясый күчкө айланып баратканынан алардын кабары бар окшойт. Эгер ошондой болсо, дүйнөлүк саясатта орду бар Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды аз жерден ээрден оодарып, бийлигин тартып ала жаздаган төңкөрүшчүл “гюленчилер” Кыргызстанда оңой эле бийликти колго алып коюусу ыктымал. Анткени Нуржигит Кадырбеков, Кудайберди Кожобеков, Балбак Түлөбаев сыяктуу хизметтин саясатчы “чоролору” бийликтин эки тизгин бир чылбырын камчы салдырбай алып кеткенге даяр турушат...
"Азия Ньюс" гезити