Талантбек Узакбаев, экс-депутат: “Бизде эт өз наркынан арзан сатылууда”
-- Айтсаңыз, акыркы кезде эттин баасы көтөрүлүп кетти го, муну ортомчулар кылып атышабы?
-- Малдын түйшүгүн баккан киши гана билбесе, башкалар түшүнүшү кыйын. Эттин баасы ага кеткен чыгымдардын курамынан турат эмеспи. Мисалы, мал бир суткада 1000 грамм тирүү салмак кошуш үчүн ага 4 кг жем, 30 кг кургак, чыктуу тоюттар, кошулмалар, туз, анан жумушу, гсм, свет ж.б. кетет. Болжол менен бул 400 сомду түзөт. 1000 грамм тирүү салмактан эң жакшы болгондо 0,6 кг эт чыгат. 400:0,6кг=666 сом. Бул эттин болгону 0,6 кг өздүк наркы. Ал эми 1 кг эттики 932 сомду түзөт. Бул бордолгон малдын этинин баасы. 30 күнгө бордогонго кеткен чыгым 28 миң сомду түзөт. Учурда бизде малдын башынын көптүгүнөн эт өз наркынан арзан сатылууда. Эттин баасын турукташтырыш үчүн фермерлеге пайызы жок кредит, субсидия жана башка колдоолор болуусу шарт. Башка жол жок. Себеби, рынок өз мыйзамдары менен бааны аныктайт.
-- Айыл чарба министрлигинин аракеттери боюнча учкай токтоло кетсеңиз?
-- Мал чарбасын алгылыктуу өнүктүрүш үчүн илимий көз караштар менен иш алып баруу керек. Чындыгында акыркы жылдары бизде тоют базасын чыңдоо боюнча иштер натыйжалуу жүргөн жок. Эт, сүт, жумуртка, балык өндүрүүдө эң оболу тоют базасы болуш керек. Тоюттун көлөмү эмес, сөз баланстуу, сапаттуу курамы жөнүндө болуп жатат. Учурда бизде протеин, клетчаткага эле басым жасалууда. Тоюттун калган курамы импорттолуп келет. Бул мал, тоок, балык өстүрүүдө өтө жетишсиз. Ошондуктан малды алты айдын ордуна сегиз ай, тоокту 38 күндүн оордуна 60 күн багабыз, жумуртканы күнүнө бирдин ордуна үч күндө бирди алабыз. Бул экономикалык жактан пайда эмес, чоң зыян алып келүүдө. Тоюттун углевод менен белоктук балансы жана макро-микроэлементтери, витаминдер топтому болмоюн, алгылыктуу өнүм алалбайбыз. Бул маселеге байланыштуу айыл чарба министрлигинин алдында атайын институттар бар, бюджеттен олчойгон акча алышат, грант жана башка булактары бар, бирок алардан фермерлерге эң эле жок дегенде брошюраларды чыгарып, сунуш берип, жардам кылып жатканын укпайсың да, көрбөйсүң. Баарын президент же өкмөт башчысы айтып турушу керекпи? Бир нерсе болсо эле “этти ортомчулар көтөрүп ийди” деген шылтоо. Учурда ортомчусуз эч нерсе сата албайсың да. Баалардын өсүшүнө ушул маселелер эң чоң таасирин тийгизет.
"Азия Ньюс" гезити