Төлөгөн Келдибаев, серепчи: «Кадр саясатында кесипкөйлүк негизги көрүнүш болбой калды»

-- Төлөгөн агай, эмнеге эле улуу муундун өкүлдөрү СССРдин убагындагы иштерди айтышып, суктана беришет? Же ал кезде кадр саясаты ойдогудай жүрүп, жетекчилик кызматка баардык тепкичтен өткөн адамдарды дайындашчу беле?
-- СССР убагында облус жетекчиси айыл жана суу чарбасын, тоо-кен, жеңил өнөр жай тармактарын түшүнгөн, кадыр-барктуу адам болор эле. Андай кадр ак койдун жүнүн көбөйтүү, пахта өстүрүү, пилла курт багуу, тамеки, кызылча, мөмө-жемишти көп өстүрүп, мол түшүм алууну билчү. Аскар Акаев президент кезинде облус башчысы “губернатор” деп аталып, “саясый кызмат” деген статус берилип, врачтар да губернатор катары эмгектеништи. Азыр болсо “Кыргыз Республикасынын президентинин облустагы өкүлү” деп аталып, саясый маңызда кесибине карабай дайындалууда. Аныгына келсек, кийинки башчылар чек ара маселесин чече албайт, мамлекеттик кызматчылардын санын же эмгек акысын көбөйтө же өзгөртө албайт жана андай укук, милдети да жок. Облус жетекчилеринин ыйгарым укук, милдеттери мыйзам менен да аныкталбагандыктан, түшүнүксүз мамлекеттик мекеме болуп калды.
СССР убагында биздин райондор агрардык болгондуктан, агроном, зоотехник, ветврачтар көбүрөөк жетекчиликке шайланышчу. Азырчы, кандай жолдор менен тандап жатышат? Райондун башчысы “аким” деген наамга ылайыксыз, жөндөмсүз, мурда ар жерде иштеген шумпайлар ротация жолу менен аким болуп алышты. Кантип тандашты? Кайдан таап алышты? Түшүнбөйсүң. Кыскасы, өлкөдө кадрдык саясатта кесипкөйлүк негизги көрүнүш болбой калганы өкүнтөт.
СССР мезгилинде шаар башчылары “шаардык аткаруу комитетинин төрагасы” болчу. Ал негизинен курулушчу же техникалык инженер болуп, калаа өнүгүүсү үчүн курулушун тыңдап, башкы планынан деталына чейин анализдеген, инженердик-коммуналдык адистештирилген тармактарга басым жасаган тажрыйбалуу курулушчу же ушуга окшогон тармакты жетектеген адамдар башкарчу. Азыр “мэр” деген статус берилди эле, “ити-кушу” деле тамтаңдап жатышкандай. Мисалы, шаарларда азыр адистештирилген муниципалдык ишканалар бар. “Тазалыкта” же ал тармакта бир күн иштебеген спортчу жана башкалар келип башкармай модага айланды. Ал эми СССР убагында совхоздун башкы директоруна карала турган адам Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин кабыл алуусунда болуп, маектешүүдөн өтүп, ага чейинки басып өткөн жолу да эске алынчу.
Учурда өлкөдө тууганчылык, жердешчилик менен ишке алып, чоң кызматтарга өз кишисин коюу массалык көрүнүшкө айланды. Парламент, өкмөт түзүмүндө байлардын же чоңдордун балдары, жакындары иштеп, аларга башкача колдоо күч алды.
-- Кадр саясатындагы кесипкөйлөр эске алынбай, анын айынан Кыргызстандын карызы 6 миллиард 59 миллион долларга жеттиби?
-- Сырткы карыздан кутулуу боюнча өкмөттүн кандай пландары бар, эмне жумуштар жүрүп жатканы боюнча министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ЖМКга кенен маалымат берип койсо туура болмок. 2020-жылы парламенттик шайлоодо “Мекенчил” партиясынын талапкерлери “Кытайга болгон карыздан кутулбасак, жерлерибиз кетип калат. Бизди шайласаңар, сырткы карыздан Кыргызстанды куткарууга болгон аркетибизди жана күчүбүздү, билимибизди жумшайбыз” деп негизги ураан катары алып чыгышып, аз да болсо элден добуш алышкан. Мына, бийликке “Мекенчил” партиясы толугу менен келди, эми ошол сырткы карыздын ичинен негизги Кытайга болгон төлөмдү кутулуу жолун ачыкташса жакшы болот эле, элди бушайман кылбай. Калыгул атабыз 100 жыл мурун эле «Кайран элим кантээр экенсиң, Кайыр сурап кетээр бекенсиң?» деп жөн эле ырдаган эмес да...
-- Төлөгөн агай, «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын” алкагында студентетрге акча төлөөгө милдеттендирилгени туура элеби же аша чабуубу?
-- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө» №493 токтомуна ылайык, ЖОЖдо билим алган жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо үчүн кыргызстандык студенттерден алты айга 1700 сом төлөөнү талап кылып жаткандыгы аша чапкандык. Көпчүлүк студенттер келишимдик акыны (контракт) араңдан-зорго бөлүп төлөп жатышса, эми камсыздандырууну төлөбөгөндөрдү кышкы экзаменди тапшырууга киргизбей жаткандыгы ата-энелердин нааразычылыгын жаратууда. Ал эми чет өлкөлүк студенттерге камсыздандыруу күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө 8100 сом төлөөнү талап кылып жаткандыгы кошуна өлкөлөрдөн келген студенттердин да нааразычылыгын туудурууда. Тактап айтканда, Кыргызстанга келип, кыска убакытка эле окуусун окуп кеткен студенттерге оордук кылат. Өлкөдө жумушсуздук, жакырчылык, кымбатчылык тооруп турганда, мындай талаптарды аткаруу чынында кыйынчылык жаратууда.