Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылына пестициддердин зыянынан 20 миң адам набыт болот

Жылына пестициддердин зыянынан 20 миң адам набыт болот

27-июнь, 19:06
752 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эмне үчүн Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайдан тартып ак кан, рактын түрү, боор циррозу, бөйрөктүн оор илдети жана башка оорулар көп? Буга экологиянын начардыгы, азык-түлүктөрдүн ар кандай химикаттар менен аралашышы, уулуу заттарды айыл чарбасында колдонуу, идиш-аяк жуучу химиялык каражаттарды ылгабай пайдалануу сыяктуу мисалдарды айтабыз. Туура. Улуттун саламаттыгы башкы орунга турчу мезгил эбак келген. Сырттан ташылып кирип жаткан азыктардын тазалыгын катуу көзөмөл кылбадык. Жаштар суусундуктардын ар кандай зыяндуу түрлөрүн көп колдонушат. Фаст-фуд деген балээ чыккан. Ар бир жаш эне төрөгөнчө аз кандуулук менен жабыркаганы көп. Айтор, улуттун саламаттыгына орчундуу зыян келип жатканы чындык.               

Пестицид деген термин көбүнчө өсүмдүктөрдү коргоочу продуктунун синоними катары каралат. Ал айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана жаныбарларга зыян келтирип, чарбалардын түшүмдүүлүгүн төмөндөтүүчү ар кандай айыл чарба зыянкечтерин жок кылуу үчүн кеңири колдонулат. Пестициддердин түрлөрү да абдан көп. Айыл чарбасында эң көп колдонулган пестициддер курт-кумурскаларды өлтүрүүчү инсектициддер, отоо чөптөрдү жок кылуучу гербициддер, кемирүүчүлөрдү жок кылуучу робентицид жана козукарындарды, көгөрүп кетүүнү көзөмөлдөөчү фунгициддер.

Пестициддер адамдарга гербициддерге караганда көбүнчө уулуу келет. Көп өлчөмдөгү пестициддердин таасири ууланууну шарттайт. Жеңил уулануу менен баш оору, баш айлануу, жүрөк айлануу, ич өтүү, уйкусуздук жана тамак, көз, тери же мурун дүүлүгүшү мүмкүн. Катуу уулануунун белгилери: эс-учун жоготуп, дем алалбай, дем алуу жолдорунда какырыкты көп пайда кылуу болуп саналат.

Өсүмдүктөрдү пестициддер менен чачуу же пестициддерди кыртышка колдонуу өсүмдүктө бир аз калдык калтырат. Булардын бардыгы адамдын ден соолугуна түздөн-түз таасир этип, азык-түлүк коопсуздугуна өтө олуттуу тобокелдиктерди жаратат. Жылына пестициддердин зыянынан 20 миң адам набыт болот.

Азыркы рынок шартында жер жеке менчикке өткөндүктөн, түшүм алууда ким жерине канча пестицид колдонуп жатканына көзөмөлдүн жоктугунан жашылча, жер-жемиштерге пестицид колдонуунун нормасы алда канча ашыкча экенин текшерип, айтып келе жаткан адистер бар.

Кыргызстандын “Озон” борбору ачылганына 21 жыл болду. Ушул жылдар аралыгында Монреаль протоколунун талаптарын аткарып, стратосферада озон катмарын бузуучу заттарды колдонуудан чыгаруу, аларды жоюу, республикага ал заттарды киргизбөө, бул тармак боюнча экологиялык билимди жайылтууда эң сонун иштерди аркалап келген. Июнь айынын 13-14үндө Бишкек шаарындагы “Плаза” мейманканасында аталган борбор пестициддер туурасында көпчүлүктү кызыктырган жаңы долбоордун республикада иштеп жатканын кабардар кылды. Долбоор ГЭФ/ЮНЕП аркылуу каржыланып, “Борбор Азияда ДДТ калдыктарын термикалык эмес иштетүүнү демонстрациялоо” деп аталып, 2021-жылы башталган, ага Тажикстан жана Кыргызстандын Сузак району тартылган.

Эл аралык консультант Оскарс Кастенс мырза “Эскирген пестициддер туурасында коомчулукту маалымдоонун негизги элементтери туурасында” баяндама жасады. Маалымат жайылтуунун көп булагы бар. Видеороликтер, фильмдер, буклеттер, макалалар, семинар-тренингдер, баарлашуулар, атайын сценкаларга балдарды, чоңдорду катыштырып көрсөтүү жана башкалар.

Долбоорду жүзөгө ашырып жаткан “Озон” борборунун директору Марс Аманалиев буларга токтолду:

-- Биз ачылгандан бери айыл чарбасында, муздаткыч тармагында, өрт өчүрүүдө колдонулуп келген химиялык заттарды жоготуунун үстүндө иштеп келгенбиз. Бул долбоор дагы ошол иштердин алкагында уланат. Кыргызстан боюнча инвентаризация жүргүзсөк, союздан калган, эскирген пестицид калдыктар Кыргызстанда абдан көп экен. Кочкордо, Сузакта жайгашкан уулуу химикаттар көмүлгөн жайлар арбын, ошондой эле ар кайсы кампаларда сакталып кала берген жалпы көлөмү 5000 тоннадан ашык ушундай химиялык заттар бар. Кыргызстан Стокгольм келишимин ратификациялагандан кийин биздин милдет өз аймагыбыздагы уулуу химиялык заттарды жоготуубуз керек. Аны жоготууда ар кандай технологиялар бар. Бул семинарда ошол маселелер каралды. Айта кетчү жагдай, мындай уулуу химикаттарды жоготуу абдан оор иш. Андыктан коомчулук, граждандык сектордун колдоосуна абдан муктажбыз. Семинарга экологдор, мугалимдер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн чакырганбыз. Мындай маанилүү иште кеңешип, кандай аракеттерди кылсак (?) деген талкуу болду. Албетте, биздин иште түздөн-түз өнөктөштөрүбүз айыл чарба, саламаттык сактоо министрликтери, ӨКМ жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен бирге иштешебиз жана ошондой эле бизге граждандык коомдун колдоосу керек.

Тилекке каршы, пестициддер азыр деле колдонулуп келатат. Негизи пестициддерге 1972-жылы эле тыюу салынган. Ошондо аларды колдонуудан чыгаруу үчүн кампаларга бекитип, атайын жайларга көмүлгөн. Арадан 50 жылдан ашык убакыт өтсө да, элдер ошол катылып, көмүлүп коюлган жерлерден (могильниктерден) эски уулуу пестициддерди чукуп, ачып алышып, колдонуп жатышканы өкүндүрөт. Учурдун маанилүү көйгөйү ушул – биз элге маалымат жеткиришибиз керек. Бул эски калдыктардын канчалык зыяндуу экенин, келечек муунга келтирчү залалдарын түшүндүрүп, маалыматты жайылтуу менен ал калдыктарды жоготуубуз зарыл болуп турат. Азыр жерди иштетүүдө башка зыянсыз заттар көп, эл ошону туура түшүнүп, өз жерлерине ошолорду колдонуусу үчүн аракеттерди жасашыбыз керек.

Дүйнө эли бардык жерде таза, органикалык азык-түлүк өндүрүүнү колго алып жатышат. Азык-түлүк коопсуздугун колдогон көп иш-чаралар да бар. Мунун баарын улуттун саламаттыгы, эртеңи үчүн деп кабыл алуу менен аталган долбоордун жүзөгө ашырылышына ар бирибиз салым кошолу дегим келет.


Жийде Асанбек кызы, журналист 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер