Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу: “Шайлоо бир гана талапкерлер үчүн эмес, мамлекетке карата да сыноо”


-- Бакыт мырза, Кыргызстандагы соңку парламенттик шайлоо катуу талаптар жана күчөтүлгөн көзөмөл астында өтүүдө. БШК уюшкан кылмыштуу топторго тийешеси бар же документтери жасалмаларды шайлоодон четтетүүдө. Коомчулукта мыйзам кандай өнүгүп, саясый тандоо эмнеден башталат? “Авторитеттин” сүрөтү шайлоодон четтетүүгө далил болобу?” деген суроолор жаралды. Муну кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн үлгүсү катары да карайлыбы?
-- Негизи юристтер сүрөт кылмыштуу байланыштын далили эмес экенин эскертишет. Контекст окуядагы кокустан жолугушуудан баштап, сахналаштырылган сүрөткө чейин болушу мүмкүн. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Евробиримдиктин мамлекеттеринде мындай сүрөттөр коомдук жаңжалга себеп болушу мүмкүн, бирок дисквалификация үчүн мыйзамдуу негиз болуп саналбайт.
Чечимдер, ырасталган фактылар – соттуулугу, кылмышка катыштыгы же укук коргоо органдарынын расмий буйругу болгон учурда гана кабыл алынат.
-- Маселен, башка өлкөлөр кандай жол менен баратат?
-- Грузияда, Молдовада жана Румынияда эгер алар оор кылмыштар үчүн соттолсо же оор айыптар менен тергөөдө болсо, талапкерлер чындап эле шайлоодон четтетилиши мүмкүн, бирок чечимди дайыма шайлоо комиссиясы эмес, сот чыгарат. Польшада жана Чехияда күнөөсүздүк презумпциясы принциби колдонулат: күнөөсү далилденмейинче, адам шайлоого катыша алат. Демек, негизги критерий презумпция же айыптоочу далил эмес, соттун чечими болуп саналат.
-- Ошондо биздики коопсуздукпу же тандоочулукпу?
-- Кыргызстандын БШКсы чечкиндүү иш алып барууда. Ички иштер министрлигинен же УКМКдан маалымат келип, талапкерди тизмеден чыгарып жатат. Негизи мындай чара көрүү саясатын кылмышкерлерден тазалоого умтулуу менен түшүндүрүлөт. Бул албетте асыл максат. Бирок, суроо туулат: “Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш саясый көзөмөлдүн куралына айланып калбайбы?” деген. Анткени, талапкердин саясый позициясына жана популярдуулугуна карабастан, баардыгына бирдей эрежелер колдонулушу керек. Айтайын дегеним, окшош мыйзам бузуулар башкача чечмеленсе, шайлоо системасы ишенимди жоготот.
-- Социалдык тармакта мыйзам баарына бирдей иштесе, эмнеге Орозайым Нарматованы БШК каттап койду? Ал деле акыркы беш жылда Кыргызстанда болбогонун жана диплому жасалма экенин айтып атышат го? Бул боюнча кандай пикирдесиз?
-- Орозайым Нарматованын ысымы кайрадан элдин көңүл чордонунда болуп жатат. Айрым маалымат булактары анын Кыргызстанда акыркы беш жыл жашабаганын жана анын диплому күмөндүү экенин айтышууда. Бул маалымат тастыкталса, анын каттоосу чындап эле жараксыз болушу керек. Бирок, эгерде документтер берилген учурда расмий түрдө талаптарга жооп берсе, жоопкерчилик талапкерге эле эмес, алардын аныктыгын текшерген комиссияларга да жүктөлөт. Бул жагдай бузууларды каттоодон өткөндөн кийин эмес, эртерээк жана ачык-айкын аныктоонун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат.
-- Айрым талапкерлер эмитен эле сотко кайрылышууда. Талапкерди каттоодогу чектөөлөрдү ким аныктайт?
-- Шайлоодон четтетилген талапкерлер эмитен эле сотко кайрылышууда. Чектөө үчүн мыйзамдуу негиздер бар же жок экенин сот системасы аныкташы керек. Мурунку тажрыйба көрсөткөндөй, соттор көбүнчө БШКнын чечимдерин күчүндө калтырышат, өзгөчө укук коргоо органдарынын маалыматтарына таянуу менен. Бирок, эгерде далилдер жагдайга гана тийешелүү болсо (сүрөттөр, ушак-айыңдар же оозеки көрсөтмөлөр), сот талапкерлерди калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок, бул жерден суроо туулат: “Соттор саясый максаттуулукка эмес, мыйзамга гана таянып чечим чыгарууга көз карандысыздыгы жетиштүүбү?” деген.
-- Шайлоо эркин жана тынч өтөбү?
-- Кыргызстандагы шайлоо салттуу түрдө атаандаштык менен өтөт, бирок дайыма эле административдик кысымдардан эркин боло бербейт. Популярдуу адамдарды шайлоодон четтетүү алардын тарапкерлеринин нааразычылыгын жаратып, ар кандай акцияларга алып келиши мүмкүн. Ошого карабастан, көпчүлүк эксперттер БШК менен соттор ачык-айкын иш алып барса, шайлоо чоң окуяларсыз өтөт деп эсептешет. Эң башкысы, кылмыштуулук менен күрөштү каалабаган нерселерге пайдаланууга жол бербөө керек.
-- Бакыт агай, катуу жаза берүү жакшы нерсеби же ашыкчабы?
-- Уюшкан кылмыштуулуктун таасирине каршы күрөш абдан маанилүү. Бирок укуктук мамлекет шектенүү менен эмес, далил менен курулат. Шайлоочулар ар бир талапкер бирдиктүү стандарттар аркылуу бааланып жатканын көрүшү керек. Катуулук адилеттүү жана ачык-айкын болгондо гана акталат. Антпесе, шайлоого болгон ишеним, аны менен бирге таза саясат идеясы да жоголот.
Жыйынтыктап айтканда, шайлоо бир гана талапкерлер үчүн эмес, мамлекетке карата да сыноо. Кыргызстан бул сыноодон ийгиликтүү өтө алабы же жокпу (?), алдыдагы апталар көрсөтөт. Эми соттордун жана БШКнын иши жаңы парламенттин курамын гана эмес, элдин мыйзамга, сот адилеттигине болгон ишенимин да аныктайт.
"Азия Ньюс" гезити











