Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Сүрөттүн чыгышы артымдан атайын кызмат акмалап жүргөнүнөн кабар берет”

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Сүрөттүн чыгышы артымдан атайын кызмат акмалап жүргөнүнөн кабар берет”

19-декабрь, 15:10
2 445 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

- Өмүрбек Чиркешович, айрым сайттар сизди “АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолукту” деп маалымат таратып, ага удаа “Текебаев батышчыл болгусу келип жатат, антикоррупциялык митингдин артында Текебаев барбы?” деген сыяктуу суроолорду жана жоромолдорду таратышты. Сиз кандай комментарий бересиз?

Д.Турдугулова: “Текебаев элчи менен жолукту” деп ушул сүрөттү таратып жатышат. Бирок, бул сүрөт фотошоп. Анткени, биринчиден, алар сүрөткө түшүшкөн эмес. Экинчиден, алар жолугушкан кабинеттин интерьери башкача болгон. Үчүнчүдөн, Текебаевдин костьюму да сүрөттөгүдөй эмес, башкача болгон.


Сүрөттүн оригиналы

- Мен парламент мүчөсү катары Кыргызстандагы бардык элчиликтер менен, элчилер менен жакшы мамиледе болуп, алар менен жолугуп, пикир алышып келгем. Ал эми АКШнын учурдагы  элчиси Дональд Лу мырза менен 14 жылдан бери таанышпыз. Биз жакында бир иш-чарада кокусунан жолугуп калып, ал-акыбалды сурашып, анан ал “башыңыздан далай окуялар өттү, көптөн бери жолугуша элекпиз, бир жолугуп сүйлөшсөк болот эле?” дегенинен, элчиликтеги анын кабинетине бардым. Жолуктук, өзүм жөнүндө, үй-бүлөм жөнүндө, анан Кыргызстандагы жана  дүйнөдөгү кырдаал тууралуу пикир алмаштык. Мен акыркы айларда АКШнын элчиси менен эле эмес, Кырыгызстандагы башка мамлекеттердин элчилери менен дагы ар кандай иш-чараларда жолугуп, сүйлөшүп турам. Ал элчилер менен мен эле эмес, мамлекеттик башка ишмерлер да, президент Жээнбеков да жолугуп жатышат. Бул нормалдуу, кадимки эле жумушчу көрүнүш.

- “Элчиликтен чыгып баратат” деп сүрөтүңүз тарады... 

Ал сүрөт дагы фейк. Тагыраагы, элчиликтин алдына менин сүрөтүмдү алып барып чапташкан. Мен элчи менен жолугушканда кара костьюм кийип, галстук тагынып баргам. Ал эми сүрөттүн өзүнүн интернетке чыгышы – менин  артымдан атайын кызматтар бүгүнкү күнгө чейин акмалап, көзөмөл салып, байкап жүрүшкөндүгүнөн кабар берет.

Динар Турдугулова

 Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер