Баялы Саркулов, серепчи: “Эл бийликтен коркуп калганы анык”

-- Баялы агай, гимн өзгөрөрү анык болуп, келерки жумада конкурс жарыяналары айтылууда. Андан кийинки кезек гербге келиши ыктымал. Мамлекеттик символдорду жаңыртуунун зарылчылыгы бар беле?
-- “Гимндин өзгөрүшүнөн эле баары оңолуп кетет, же ошону менен Кыргыз мамлекетине мыкты имидж, кадыр-барк алып келет” дегенден алысмын. Бирок, мамлекеттин атрибуту болгон соң, баары өтө жогорку деңгээлде жасалышы шарт. Азыркы герб менен мурунку туу деле учурунда шашылыш кабыл алынып калганы үчүн көп жылдан бери эле талкууланып келатат. Анан өткөн жылы заматта кабыл ала койгон туубуз деле коомчулук тарабынан кубануу менен кабыл алынган жок. Ушунун өзү эле бул туунун деле келечегине күмөн жаратып койду. Эгерде ошол эле ыкмада гимнди, гербди өзгөртүүгө шашылышса, бул дагы бышпаган оокаттын катарын толуктап калышы мүмкүн.
Ал эми мамлекеттик символдорду жаңыртуунун маңызы тууралуу айта турган болсом, бул маселе кыргыз элинин улуттук, маданий, тарыхый иденттүүлүгүнө байланыштуу кабыл алынып, символдорду өзгөртүүдө милдеттүү түрдө пайдаланыла турган эч кандай бир эреже, токтом, жол-жоболорду көрө элекмин.
"Баланча минтти", "түкүнчө тигинтти эле" деген сыяктуу аргументтерден алыс бололу. Алгач биз ошол мамлекеттик символдорду өзгөртүүдө, кабыл алууда кандай критерийлерди колдонуп, ынанымдуу максатта кабыл алуу тууралуу эреже, мыйзам, жоболорду карап, анан өзгөртүү тууралуу ишке киришсек не? Кеминде бир жыл бою улуттук символдордун эскизине, текстине, музыкасына конкурс жарыяланып, атайын комиссия иштесе деген ойдомун. Бул маселе мамлекеттин эң негизги атрибуттары, андыктан жалпы кыргыз эли катышуусу шарт. Себеби, мурдагы гимн менен тууну кабыл алган учурда да ушундай эреже болгон эмес, кандайча тандалып, кантип кабыл алынып калганы тууралуу көп сөздөр айтылууда. Балким, ошон үчүн бул маселе кайра көтөрүлүүдө.
-- Акыркы мезгилде сөз эркиндигин чектөө айылдарга чейин жетти. Айылдыктар дагы социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн камала баштады. Сындагандарды камай баштаганына караганда, бийликке карата кандайдыр бир коркунучтар байкала баштадыбы?
-- Бийликке коркунуч канчалык экенин билбейм, бирок эл коркуп баштаганы анык.
"Азия Ньюс" гезити