Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кургакчылыктан малдар кырыла баштады

Кургакчылыктан малдар кырыла баштады

17-июнь, 11:27
970 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ветеринария башкармалыгынын маалыматына караганда, аймакта май айынын соңуна чейин эле 1100 жылкы кургакчылыктан өлдү. Ошондой эле Мангистауда көптөн бери жаан жаабаганы дагы айтылууда. Анын кесепетинен жайыттардагы чөп куурап жатат. Жем-чөп жок. Фермерлер зыян тартып жатканын айтып, чиновниктерден жардам сурап жатышат. Ал эми Мангистау облусунун жетекчилиги учурда Актөбө облусунан чөп ташып жатышканын айтышты. Мангистау облусунун акими Серикбай Трумов билдиргендей, чөптүн корун көбөйтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 200 млн. теңге бөлүндү.

«Соңку жылдардагы кургакчылык мал чарбага чоң зыян келтирүүдө. Мындай шартта малды сактап калуу максатында облуста атайын штаб түзүлдү. Штаб мал чарбаларын жем-чөп менен камсыздашы керек. Актөбө облусунун жетекчилиги менен меморандум түзүлдү. Анын ичинде керектүү өлчөмдө чөп жана жайыт жер алуу жөнүндө макулдаштык. Коңшу облустардан алынып келген жем-чөп фермерлерге жеткирилип жатат» деди Серикбай Трумов.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер