Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асылбек Жээнбековго жалаа жабышып, кайра уят болгон аксакалдар

Асылбек Жээнбековго жалаа жабышып, кайра уят болгон аксакалдар

13-июнь, 10:42
1 296 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунун бир айылында түлөө болуп атат... Уй мүйүз тарта отурган он беш чакты адам майлуу эттен ооз тийишип, саясаттан кеп салып отурушкан. Бир маалда ак аралаган мурутун сербең эткизе кыймылдатып, жашы алтымыштан ашып калган киши кеп баштады: 

-- Ой, Асылбек Жээнбеков шаарда көп кабаттуу үйлөрдү салып атканын уктуңарбы? Баарын эле басып алганын айтып атышат... - деди.

-- Ал сессияда көрүнбөй калган болчу, көрсө, жайлап аткан турбайбы! - деп каргылданган чыйпыт чүкөдөй болгон бирөө коштой берди.

Аңгыча эле төрдө отурган аксакал:

-- Коё тургула, анысы эч нерсе эмес, - деди эттен бурдай сугунуп жатып, -- Асылбек Жээнбеков акчалардын баарын сыртка алып чыгып атыптыр. Чет өлкөгө ташып аткан турбайбы!.. - деди.

Отургандар күүлдөй түштү. Бирок ооздору бош болбой калгангабы, айтор, бир аз тыныгуу жаралды. Ошондо кырктын кырындагы бир жигит жымжырттыкты бузду:

-- Аксакалдар, ушул айтып атканыңар чындыкпы?! - деди.

Баары бири-бирин карап калышты. 

-- Ушак айтып, Кудай алдында анча эмне күнөөгө батып атасыңар? Азыр интернет өнүккөн заман. Эгерде Асылбек Жээнбеков шаардагы үйлөрдүн баарын салып, акчаларды чет өлкөгө ташып атса, биз да угат элек го? - деп сөзүн демдүү улады. 

-- Ай, мен ал боюнча аркы айылдын уйчусунан уккам, - деди сербең мурут башын жерге салып.

-- Сиз эмне дейсиз? Ошол сыртка чыгып аткан акчалардын изине түшөлү да?.. - деп жигит кайра төрдөгү аксакалга карады.

Ортодо кадимкидей ыңгайсыздык жаралганы байкалды. “Кимден кандай сөз чыгып кетет?” дешкендей аярлашып...

-- Азыркы чоңдор тапканын чет жакка чыгарып жатканын угуп жүрбөйбүзбү? Ошолорго окшоштуруп, Асылбекти кошуп койдум да... Президенттин иниси болуп атса бай болбойбу? Ага эмне анча териктиң? - деп төрдөгү аксакал кызарып кетти.

-- Сиз кызарып кеттиңиз го? Улуу башыңыз менен ушундай калпты сүйлөп отурсаңыз, кимге үлгү болосуз? – деп жигит кесе жооп узатып, сөзгө жыкты.

-- Бул ушундай да. Өмүр бою эки айыл өкмөттү чагыштырып, ортодон сөз чыгарып жүрөт...

-- Силерди туура такалады. Далили жок эле сүйлөй бересиңерби? Пайгамбар жашынан да аштыңар...

Ошентип, отурган көпчүлүк береги эки-үч аксакалды жаалап кетишти. Алар талкан сугунуп алышкандай эле “дым” болушту. 

Ооба, бул аз күн мурунку окуя. Биздин коом барган сайын бузулуп бараткандай. Ток этери, ушул сыяктуу көрүнүштөргө туш болсоңор, менин жазганымды эстеп койгула...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер