Акылбек Түмөнбаев: “Парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда пикир келишпестик болуп турушу керек”


-- Акылбек Тогузбаевич, өткөндө төрага кеңешмеге себепсиз келбей калган депутаттарга карата катуу чаралар көрүлөрүн, айлык маяналары кыскартыларын эскертти эле. Андан бери сессияга катышууда кандайдыр бир өзгөрүү болдубу?
-- Азыр регламентке дал ошол депутаттардын ар бири сессияга өздөрү келип катышып, өзү добуш бергендей кылуу жагын карап атабыз. Ар бир депутат өзү катышып, мыйзамга өзүнүн кошумча, алымчаларын кошсо жакшы болот эле. Көпчүлүгүбүз отурабыз, сурообузду беребиз, айрымдарыбыз жумуштар менен кетип калат экенбиз. Бизге чейинки чакырылыштардын регламентинде деле “бир ай кеңешмеге келбей калса, мандаты каралат” деген жобо бар экен. Бир ай келбей койгон эч ким болбойт да. Эми ар бир депутат кеңешмеде отуруп, кабыл алынып жаткан мыйзамдарга кызыкдар болуп, “туура жазылып жатабы, же туура эмеспи” деп ошолордун баарын карап турса жакшы болот эле.
-- Муну сураган себебим, бүгүн да залда депутаттар анчалык көп эмес экен...
-- Эми кыш мезгили... Бүгүнкү күнү бир топ депутаттарыбыз сасык тумоо болуп, ооруп жатышат. Ошондон улам аз болуп атат го дейм.
-- Парламент менен өкмөттүн ортосунда пикир келишпестик барбы?
-- Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлигинин ортосунда пикир келишпестик болуп турушу керек. Андай болбой, баары биригип алса, иш алдыга жылбай калат да. Баардык жерде сын пикир айтылышы маанилүү. Бүгүн коомчулукта “парламент кичине алын жоготту” деген пикирлер айтыла калып жүрбөйбү. Биз мурда парламенттик өлкө элек, азыр президенттик өлкөбүз. Андыктан, парламенттин көп сын пикилери кабыл алынып жатабы же жокпу, аны өзүңүздөр көрүп атасыздар.
"Азия Ньюс" гезити











