Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эр Эшим тууралуу изилденип, “Колпоч баатыр” китеби жарыкка чыкты”

“Эр Эшим тууралуу изилденип, “Колпоч баатыр” китеби жарыкка чыкты”

19-декабрь, 18:37
1 893 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Колпоч баатыр” аттуу китептин бетачары Кыргыз улуттук университетинде болуп өттү. Китептин жарык көрүүсүнө демилгечилер жана изилдөөгө демөөрчү болгондор баатырдын атын алып жүргөн коомдук бирикменин жетекчиси жана мүчөлөрү. Китепти жазуу демилгеси 2018-жылы көтөрүлүп, төрт жылдык эмгекти талап кылган. “Колпоч баатыр” коомдук бирикмесинин төрагасы Бактыбек Асынбаевдин айтымында, 30дай тарыхый китептин автору Нурбек Турандын Колпоч баатыр боюнча мурун эле маалыматы болгон. 

   

Нурбек Туран, жазуучу, тарых илимдеринин кандидаты:

-- Колпоч баатыр кыргыз элинин (Эшимхан) Эр Эшим деген баатырдын урпагы. Булар Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарында жашашат. Бирок көпчүлүгү Талас менен Аксы өрөөндөрүндө. Колпоч баатыр Эр Эшимдин чеберелеринен болот. Китептин акырында “Колпоч баатыр” коому тууралуу Асынбаев Бакыттын макаласы берилген.

Жогоруда айтылгандай, Эр Эшим XVII кылымдарда жашап өткөн кыргыз-казак элинин ханы. Ал биздин санжырада илгертен эле айтылып келген Көнөк баатырдын үчүнчү аялы Чолпон экөөнөн төрөлгөн жалгыз уул болот. Андан кийин муундар алмашып, Колпоч баатыр төрөлөт. Эгемендүүлүк алгандан бери кыргыздар өздөрүн таанып, көптөгөн унутта калган кыргыздын белгилүү инсандары, баатырлары тарых бетине жазылып келе жатат. Бишкек баатыр, Ормонханга окшогон баатырлардын юбилейлери өткөрүлүүдө. Ошолордун катарында биз дагы Колпоч баатырды изилдеп, кыргыздын актай калган барактарын толуктап жазып чыктык. Ал калмактардын доорунда төрөлүп, алар менен салгылашып, элин коргогону айтылат. Сырткы душмандар менен согушуп, калмактар жеринен куулгандан кийин биздин санжырада айтылгандай, “Бердике баатыр түштүккө Кокон хандыгына салгылашууга чакырып алып кеткен” деген маалыматтар бар. Ошондон улам Колпоч баатыр түштүк тарапта жашап калгандыгы, ал жактан үйлөнүп, ошол жерге отурукташканы дагы айтылат. 

Өзбекстанда жашап жаткан урпактарыбызга жете албай калдык. Бул китеп жазылып жатканда, биздин жакшы мамилелер жок болгондуктан, ал жакка экспедиция жүргүзүлбөй калды. Бирок санжырада “Колпоч баатырдын урпактары Анжиян тарапта жашайт” деген сөз калган. Колпоч баатырдын кайсы тарапта өлгөндүгү тууралуу да кайчылаш маалыматтар бар. Бири Аксыда десе, бири Ноокен районундагы Момбеков айылына караштуу болгон эски мүрзө бар, ошол жерге көмүлгөнү айтылат. Биз изилдеп көрсөк, 1872-жылы орустун чыгыш таануучусунун “Памирди изилдеп келе жатып, Мургаб районунун сол тарабында Корумду деген дарыянын жанынан өтүп бара жатып, “Колпоч” деген мазардын жанына токтодум. Ал жакта он түтүндөй кыргыздар бар экен” деген эскерүүсү да бар. 

Баяс Турал, тарыхчы:

-- “Колпоч баатырдын” автору отуздай тарыхый китептердин автору. Бул таланттын да өз сыры, жолу бар. Багыты бар жигит. Нурбек Турандын изилдөөлөрү келечекте чоң мектепти жаратат деген ойдомун. Ар бир илим эки булакка бирдей таянышы керек. Кийинки убакта оозеки изилдөөлөр чындыкка дал келип жатат. Тескерисинче, жазма булактар бурмаланып калганын көп көрүүдөбүз. Мындайча айтканда, жазма булак жеке адамдын изилдөөсү, көз карашы. Ал эми оозеки булак жамааттык болуп, башкача айтканда, мезгилдерди аралап өтүп, шылынып, өзөгү гана калган булактар болуп эсептелет экен. Мен бир эле нерсени айтайын, кыргыз эли бир атанын үч уулунан үч канат болуп тараган эл: оң канат, сол канат, ичкилик. Негизинен Валихановдун ж.б. орус тарыхчыларынын жазганы боюнча изилдесек, анын Кыргызбай деген кыргыз атадан тараганы маалым.

Эр Эшим бул Орто Азия деңгээлиндеги чоң полководец, хан. Бүтүндөй бир чоң хандыкты түзгөн. Ошо кыргыз, казакты бириктирип турган хандыктын үстүндө турган адам болгон. Ушул кишинин тарыхы, ким экендиги бүгүнкү күнгө чейин так изилденбей келет. Бир убакта Эр Эшим тууралуу маселе жаралган. Мен дагы салыштырып изилдеп, “Эр Эшим эки элдин султаны” деген макала жазгам. Ал убакта маркум Асанбек Стамов деген жазуучубуз “казак” деп жазып чыкканда, талашып-тартышып чечмелегенбиз. Казак хандарынын тизмесинде Эр Эшим турат. Бирок бакыйган жазуучубуз казактын булагы менен “казак султаны” деп жазган. Хан Тейиш тууралуу романында да бир топ талаш-тартыш болгон. Бирок, Бишкек баатыр, Эр Эшим тууралуу катасын мойнуна алган. Ажалга айла жок тура, толук изилдеп, катасын оңдой электе көзү өтүп кетти. 

Тарых илиминде такталбаган көп маселелер бар. Автордун бир артыкчылыгы – башка тарыхчылардан айырмаланып, дал ошол оозеки булактарды жазма булактар менен кошо изилдеп, салыштырып берип жүрөт. 

Бактыбек Асынбаев, “Колпоч баатыр” коомдук бирикмесинин жетекчиси: 

-- Мага жаштайымдан эле атам Асынбаев Токтогул «балам, жети атаңды билип жүр» деп ата-бабаларымды атап калар эле. Атам санжырачы болбосо да уруулардын бөлүнүштөрү, Колпоч уругунун баатырлары, акындары жана атактуу адамдары жөнүндө такай айтып берчү.

Атам чабандык кесипти аркалагандыктан, көбүнчө биздин үй-бүлө тоодо болор элек. Менин китепке кызыкканымды билип, атам «Ала-Тоо» журналы менен кызыктуу тарыхый китептерди айылдык китепканадан алып келип берчү. 1992-жылы мен үй-бүлөм менен Бишкектен Таласка көчүп келдим. 2000-жылдан баштап айылдагы аксакалдардын, агаларыбыздын санжыра айткандарын угуп, китепканалардан тарыхый китептерди окуп жүрдүм. Анан аларды көрүп, “биздин Колпоч туугандар да санжырабызды изилдеп, тактап, туугандарыбызды таап, китеп кылып чыгарып, Колпоч атабызга эстелик коюп, чоң той-тамаша өткөрсөк” деп өзүмө аябай жоопкерчиликтүү чоң максат койдум.

Эр Эшим Колпоч атабыздын чоң аталары экен. Буга Казакстандагы Эр Эшимдин тарыхын изилдөөдө ТҮРКСОЙ уюмунун биздеги өкүлү, филология илимдеринин доктору, пофессор Кадыралы Коңкобаев менен байланышып, Эр Эшимдин урпактары боюнча сүйлөштүк. Казак туугандарга Исакулов деген бир нече китептин автору, саясый илимдердин докторунун чакыруусу менен барып келдик. Бул конференцияга кыргыз тараптан мамлекеттик комиссиянын башчысы Кожогелди Култегин Эр Эшим кыргыз экенин, анын урпактары тууралуу далилдеп айтып берди. Аларга жаңылык деле болгон жок, алар деле билишет экен. Баяс Турал, Нубек Туран агаларыбыздын жардамы менен Эр Эшим тууралуу маалыматты мамлекеттик деңгээлге алып чыксак, кыргыздын мыктылары, баатырлары дагы жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем. Казактар кырк томдон турган жыйнагын чыгарып жатышат. Аларга мурунку президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан өтө көп каражат которулган экен. Биздин мамлекет дагы тарыхты унутта калтырбай каражат бөлүп берсе, казак туугандардан кем калбай кыргыз окумуштуулары кыргыздын тарыхын алып чыгат деп ишенем. Каражат жетпесе да жеке демилгелери менен иштеп жаткандарына таазим! Мен кыргыз болгонум үчүн сыймыктанам! 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер