Октябрь Урмамбетовдун түштөн кийин кыйынсынганы өздүк курамга жакпай калдыбы?
Балдар жабыркаган Сузак районундагы кырсык коомчулукта катуу талкууланды. Отуздан ашык окуучуну портер тебелеп кеткени аянычтуу көрүнүш катары жүрөк оорутту. Аныгында, укук коргоо органдарынын шалаакылыгы ачык байкалды. Окуучулар эңкейиште Манас айтууга даярданышып, баары тизилип отурушса, дөңдөгү автоунаа тебелеп жөнөгөнүн көрдүк. Мындай шартта милиция алдын ала коопсуздукту караш керек эле. Тилекке каршы, убагында кайдыгер мамиле кылышыптыр. Натыйжада, Сузак РИИБнин начальниги кызматтан алынып, Жалал-Абад ОИИБ башчысы Марлис Асанов ордунда калды. Эң кызыгы, баары өткөндөн кийин ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов окуя болгон жерге барып, милиция жетекчилерине акыл үйрөткөнү кандай? Баягы адырдын ары жагында уктап калып, “өрт өчкөндө” чуркап келген баланын образын жараткандай. Ансыз да өздүк курамдагылар жактырышпай, Октябрь Урмамбетовдун бой көтөргөнүн, кыйынсынганын кеп кылышууда. Жалал-Абад ОИИБге куратор катары иш-чаралардын астында барып, билгенин айтса, тийешелүү командасын берсе жарашмак да. А түштөн кийин төш какканда не? “Эшектин тушоосун чечпегенден кийин эмнеге келет?” деп ансыз да кыртыштары сүйбөгөндөр көбөйдүбү? Эрксизден баш чайкайсың...
"Азия Ньюс" гезити