Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Кутманова: “Кумтөрдөгү экологиялык зыяндын баарын төлөтүү зарыл”

Динара Кутманова: “Кумтөрдөгү экологиялык зыяндын баарын төлөтүү зарыл”

15-ноябрь, 01:13
663 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Динара айым, азыркы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кумтөр боюнча көп маселени жолго саларынан эл үмүттөнүп турат. Бирок, өлкө башчысы кен азайганын да белгилеп кетти. Сиздин Кумтөр боюнча жаңы бийликке кандай сунуштарыңыз бар?

-- Садыр Жапаров “Кумтөр кени азайды” деп эски аянтты айтып атса керек. Ошол жакты иштетип, түгөтүп жатышат. Жаңы аянтта запас арбын. Ал тууралуу ар убак белгилеп келем. Кумтөр боюнча дагы деле ошол позициядан тайган жокмун. 

2012-жылы көтөрүлгөн маселелердин бири дагы аткарылган жок, б.а., ишке ашкан жок. Биз маселени кабыргасынан койгонбуз. Кумтөр эл үчүн иштеши шарт. Экологиялык коопсуздуктун баарын аткарып, калыбына келтирүү зарыл. Алар алтынды сыгып алып кеткенден кийин көйгөйдүн, экономикалык катастрофанын баары бизге калат. Ошондуктан мыйзам чегинде келтирилген экологиялык  зыяндын баарын төлөтүш керек. 2017-жылы Сапар Искаков өкмөт башчы болуп турганда бир топ макулдашууга кол коюп коюшкан. Ошол макулдашуулардын баарын эксперттерге берип, кайрадан карап чыгуу учурдун талабы. 

Кумтөрдөгү экологиялык абалды иликтөө үчүн эл аралык АМЕС аттуу компания менен келишим түзүлүп иликтенген. Көйгөй өтө көп, эң биринчи кезекте мөңгүлөрдүн үстүнө бир миллиард тоннадан ашуун таштандылар төгүлгөн. Мөңгүлөрдүн баары эрип, ошол таштандылар бери жыла баштады. Муз жарылды. Экинчиден, уулуу заттар эрип, сууга кошулууда. Уулуу заттар сакталган жер дагы туура эмес... Айтор, мен мурдатан тынбай айтып келген көйгөйлөр козголгон жок. Эми жаңы бийликтен көп нерсени үмүттөнүп турам... 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер